Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Индияда буту сасып кеткен жигит камакка алынды

Turmush -  Индиянын полициясы автобустан коомдук тартипти бузган жүргүнчүнү камакка алышты, деп билдирди Hindustan Times басылмасы.

Маалым болгондой, Делиден Химачал-Прадеш штатындагы Дармсала шаарына автобус менен бара жаткан 27 жаштагы Пракаш Кумар аттуу жигит бир маалда бут кийимин чечкен. Бул көрүнүш башка жүргүнчүлөргө жакпай, алар аталган жигиттин байпагын сумкасына салуусун өтүнүшкөн. Бирок Пракаш Кумар алардын өтүнүчүнөн баш тартып, жүргүнчүлөр менен кайым айтышууга чейин барган.

Жолдон жүргүнчүлөр 27 жаштагы жигиттин үстүнөн арыз жазуу үчүн айдоочуга автобусту полициянын участкасынын жанынан токтотуп коюуну суранышкан. Полициянын маалыматына караганда, Кумар алардын бөлүмүнө келген учурда дагы кайым айтышуусун токтоткон эмес. Мындан улам ал коомдук тартипти бузуу боюнча айыпталып, камакка алынып, андан кийин күрөөгө бошотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4991
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×