Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-апрель
Баракелде

Ч.Жалилов экинчи аялын сүйүктүү, биринчисин расмий никедеги аялы деп эсептейт, - милиция

Turmush -  Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалилов бүгүн, 4-декабрда Бишкек ШИИБге экинчи аялы жөнүндөгү билдирүүсү жөнүндө түшүндүрмө берүү үчүн чакырылды. Бул тууралуу түзүмдүн басма сөз кызматы маалымдады.

Ал сүйлөшүү учурунда экинчи аялын сүйүктүүсү деп эсептей тургандыгын айтты. Бирок аны менен расмий никеге катталган эмес. Өзүнүн биринчи расмий жубайы менен ортолорунда бала-чакалары бар.

«Чубак Жалиловдун айтымында, ал өзүнүн сөзүндө Кыргызстандын иштеп жаткан мыйзамдарын бузууга үгүттөгөн эмес», - деп айтылат маалыматта.

Далилдик базага бир катар талаптар бар болгондуктан азыркы учурда ар тараптуу иликтөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Буга чейин Бишкек шардык ички иштер башкармалыгындагы суракта Чубак Жалиловду экинчи аял тууралуу билдирүүнү жокко чыгарууга мажбурлашкандыгын анын жактоочусу Акин Токталиев билдирген.

Анын айтымында, 1-декабрь күнү Ч.Жалиловго «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда өлкөнүн аймагынан чыгууга тоскоол болушкан. Алар муну ал издөөдө деген шылтоо менен түшүндүрүшкөн. Андан кийин Ч.Жалилов дарылануу үчүн Чолпон-Атага чыгып кетип, ал жактан Бишкекке алып келишти. Ишемби күнү, 2-декабрда аны суракка чакырышкан.

«Ал экинчи аял алгандыгы тууралуу фактыны жокко чыгаруудан баш тарткан. Ч.Жалилов өзүнүн чечимин көптөгөн чиновниктер жана депуттардын ойношу бар экенине негиздеп, муну мыйзамдаштыруу керектигин айткан. Ошондо ал жөнөкөй факты — кыргыз аялдар чет өлкөлүктөргө турмушка чыгып жатканын айтты. Жалгыз бой аялдар карыганда аларды ким багат?», - деди А.Токталиев.

Ошондой эле, ал Ч.Жалиловдун иш аракети Кылмыш-жаза кодексинин беренесинде (эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аял менен чогуу жашоо) каралган жазага кирбейт экенин билдирди.

Аны суракка алынышына Жогорку Кеңештин депутаттары — Эльвира Сурабалдиева жана Аида Касымалиеванын билдирүүлөрү негиз болгон. Учурда Ч.Жалилов эч жакка чыкпоо каты менен үй камагына чыгарылды. Ички иштер министрлиги анын Бишкек ШИИБге сурак берүү үчүн жеткирилгендигин тастыктады.

Ал эми, шаардын милиция башкармалыгы суракка алуу фактысы тууралуу билдирүү жасоодон баш тартты. Алар укук коргоочу Азиза Абдирасулованын Ч.Жалиловдун биринчи аялы менен ажырашпай туруп, экинчи аял алып алгандыгы тууралуу билдирүүсүнүн негизинде текшерүү жүрүп жатканын билдиришти.

Тема боюнча:

30.11.2017Бир дагы мамлекеттик орган билдирүү жасаган жок, - Ж.Фронтбек кызы Ч.Жалиловдун чакырыгы боюнча
01.12.2017Экс-муфтий Ч.Жалиловдун билдирүүсү боюнча текшерүү жүрүп жатат, - министр У.Исраилов
10.06.2017Чубак ажы: Көп аялдуулук көп балалуу болуп, сойкуларды азайтууга жардам берет
30.11.2017Депутаттардын көбү муну колдоорун айтышты, - депутат А.Касымалиева көп аялдуулук тууралуу
04.12.2017Ч.Жалиловду суракка чакырып, экинчи аял тууралуу билдирүүсүн жокко чыгарууга мажбурлашты, - жактоочу
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 17010
Көп окулду
×