Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Талас

Фото — Марат Мураталиев Талас облусунун жетекчиси болуп дайындалды

Turmush -  Мураталиев Марат Молдалиевич өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка өкмөт башчы кол койгон. Бүгүн, 4-декабрда облустун жаңы жетекчисин эмгек жамаатка вице-премьер-министр Даир Кенекеев тааныштырды.

50 жаштагы Марат Мураталиев Талас облустук мамлекеттик администрациясынын мурдагы жетекчиси Байымбет Мураталиевдин (2006-жылдын декабрынан 2008-жылдын 11-январына чейин) иниси.

Бир тууган иниси Чыңгыз Мураталиев азыркы учурда Талас шаарынын вице-мэри.

Чыңгыз Мураталиев

ваи

М.Мураталиев буга чейин Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген.

Сүрөттө солдон оңго карай Байышбек Жуманазаров, Байымбет Мураталиев, Даир Кенекеев жана Марат Мураталиев.
 

Мураталиев Мурат 1

Мураталиев Марат Молдалиевич

Туулган жылы: 1967-жыл 23-июнь;

Улуту: кыргыз;

Үй-бүлөлүк абалы: жубайы жана 4 баласы бар;

Билими: 1987-1989-жылдар — Фрунзе кооперативдик техникум;

- 2008 -2013-жылдар — Талас техникалык институту, экономика факультети;

- 2017-жылдан баштап Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде инженер-куруучу адистиги боюнча билим алып жатат.

Эмгек жолу:

- 1989-1992-жылдары Чүй даярдоо кеңсеси, даярдоочу;

- 1992-2007-жылдары Кара-Буура районунда жеке ишкер;

- 2007-2015-жылдары Талас шаарында «Курулуш-Арсенал БМ» курулуш компаниясы, директор;

- 2016-жылдан баштап Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Талас облустук капиталдык курушул башкармалыгынын жетекчиси;

- 2009-2012-жылдары Кара-Буура районунун депутаты;

- 2012-жылдан баштап Талас облусунун Бокс ферерациясынын президенти;

- 2012-жылдан баштап Талас шаардык кеңешинин депутаты. М.Мураталиев Ооган согушунун ардагерлер коомунун төрагасы жана Жаштар ассоциациясынын мүчөсү.

Билген тилдери - кыргыз тили, орус тили казак тили, англис тили (сөздүк менен);

Хоббиси - интеллектуалдык оюндар, спорт жана ат спорту менен машыгуу;

Коомдук ишмердүүлүгү үчүн сыйлыктар:

- 2009-жылдын июль айында Кара-Буура районунун акиминин ардак грамотасы;

- 2009-жылдын 7-августунда Талас облусунун губернаторунун ардак грамотасы;

- 2012-жылдын 15-октябры «Кара-Буура районунун ардактуу атуу» наамы;

- 2013-жылы 31-августта «Ардагердик кыймылга жардам көрсөткөндүгү үчүн» медаль;

- 2013-жылдын 20-сентябрында «Талас облусунун чыгаан атуулу» наамы;

- 2013-жылы «Жылдын эң мыкты ишкери» наамы;

- 2014-жылдын 15 февралында «Афган даңкы» ордени;

- 2014-жылы Россия ардагерлер союзунун атынан «Эмгеги үчүн» ордени;

- 2014-жылы «Талас шаарынын ардактуу атуулу, Кара-Буура районунун Аманбаев айылынын «Ардактуу атуулу»;

- 2015-жылы Кара-Буура районунун Шекер айылынын «Ардактуу атуулу» наамы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3070
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×