Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Өмүрүн кыюуга аракет кылган кызды курткасы сактап калды

Turmush -  Кытайдын Аньхой провинциясында жаш кыз дарыяга боюн таштап, өз өмүрүн кыюуну чечкен. Бирок анын ичине кебез капталган сырткы кийими калың болгону үчүн сууга чөккөн эмес.

«Сегодня» басылмасынын маалыматына караганда, ал кыздын сууга чөгүп жатканын тургундар байкап, куткаруучуларды чакырышкан. Куткаруучулар кыздан суудан чыгууну суранып, бирок ал муздак деңизден чыгуудан баш тарткан. Макул болбогон кызды куткаруучулар чыгарышкан.

Маалыматта белгиленгендей, өз өмүрүнө кол салган кыз жаракат алган эмес. Бирок куткаруучулар аны ооруканага жеткиришти. Анын мындай кадамына үй-бүлөсү менен урушканы себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6190
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Subaru123
00:21, 03 декабря 2017
Динсиздик! Бутпарастар бактысыз!
Көп окулду
×