
Анын айтымында, экс-муфтийдин билдирүүсүн текшерүү боюнча тапшырма ЖМКларда маалымат пайда болгон күнү эле берилген.
«Видеобилдирүүнүн курамында Ч.Жалилов мыйзамды бузгандыгын мойнуна алып жатат. Бул боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгын биз сөзсүз түрдө коомчулукка маалымдайбыз», - деди министр.
Кечээ бир нече депутаттар Ч.Жалиловдун билдирүүсүн сынга алышкан. Депутат А.Касымалиева Ч.Жалиловдун көп аялдуулук боюнча билдирүүсү тууралуу эмне үчүн тиешелүү органдар унчукпай жаткандыгын сураган.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлү Ормон Жаныбеков укук коргоо органдары Ч.Жалиловдун видео кайрылуусунун негизинде кылмыш ишин козгой албай тургандыгын айткан.