Бөлүмдөр
Жума, 19-январь
69.44    84.74    1.22    KZT 0.21
Баракелде

Бир дагы мамлекеттик орган билдирүү жасаган жок, - Ж.Фронтбек кызы Ч.Жалиловдун чакырыгы боюнча

Turmush -  Чубак ажы Жалилов мамлекетке чакырык таштап жана бардык адамдарды анын мисалын жолдоого чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Бишкекте өткөн тегерек столдо «Мутакалим» коомдук уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы билдирди.

Анын айтымында, Чубак Жалилов өзүнүн эки аял алгандыгын 3-4 күн мурун билдирди. Бирок бир дагы мамлекеттик орган расмий билдирүү жасаган жок.

«Президенттин аппараты, өкмөттүн аппараты же төраганын жетекчилигиндеги депутаттар расмий билдирүү жасабаганына таң калдым. Диний лидер, аалымдар кеңешинин мүчөсү чакырык таштап, бардыгын экинчи аял алууга үндөдү десек болот. Эгер мамлекет буга макул болсо, анда Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренеси (эки жана андан көп аял алуу) иштебейт. Демек экинчи аял болгондордун укугун коргоо үчүн көп аял алууга уруксаат берүү керек. Эгерде биз мамлекетбиз десек, бизде Конституция бар. Мындай учурда эркектерге алар белгилүү жазасын алат деген түшүнүк калтырышыбыз керек, - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3189
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×