Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ош

Күйөөсүнөн качкан келин 14 жашында турмушка чыгып, 15 жашында төрөгөн (фото)

Turmush -  Ош шаарында «Мен эрте турмушка чыгууга каршымын» аталышындагы 16 күндүк акция өттү. Бул тууралуу «Ак-Жүрөк» кризистик борборунун психологу Гүлнара Онкошова билдирди.

Анын айтымында, акциянын алкагында кечээ, 29-ноябрда Ош гуманитардык педагогикалык институтунун педагогикалык колледжинин 1-2-курстарынын студенттери жана мугалимдери менен эрте турмушка чыгуунун кесепеттери талкууланды.

«Буга чейин кризистик борбордун түштүк аймагындагы бөлүмүнө Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынан кыйын шартка дуушар болгон 1 миң адам кайрылган. Анын ичинен 16 пайызы эрте турмушка чыгып жабыр тарткан кыздар болуп эсептелинет. Учурда мындай жагдайлар Араван, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда көп катталууда. Алар көпчүлүк учурда ажырашып, оор турмушка дуушар болгондо гана бизге кайрылышууда», - деди ал.

Гүлнара Онкошова өткөн жылы аталган борборго Оштун бир районунан Кызбурак аттуу кыз жардам сурап кайрылганын билдирди. Ал 14 жашында турмушка чыгып, 15 жашында төрөгөн.

«Кыз кош бойлуу кезинде зордук-зомбулуктан улам бизге өзүнүн үйүнөн качып келгенин билдирди. Алгач ал Ош облустук ооруканага кайрылган. Ал жерде таксинин айдоочусу кризистик борбор бар экенин айтып, бизге алып келген. Кызбурак борбордо 1 жыл 8 ай жашады. Биздин борбордо 12 орунга ылайыкталган жакшы шарттары менен атайын жай бар. Андан кийин анын апасын таап, үй-бүлөсүнө өткөрүп бергенбиз. Анын күйөөсү Ош борбордук базарында араба түртүп иштечү экен. Үй-бүлөсүн багууга жетиштүү каражат таппай, спирт ичимдиктерин көп ичип, жаш кызга зомбулук көрсөткөн. Ага чыдабаган кыз качууга аргасыз болгон», - деди психолог.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8340
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×