Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу 24.01.2014 12:03

Ысык-Көлдө жок кылынган кылмышкерлер тобу уйгур сепаратисттери болушу мүмкүндүгү айтылууда

Turmush -  Кечээ, 23-январда Ысык-Көл облусундагы Пикертык жылынуучу пунктунда өлтүрүлгөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү уйгур улутундагы адамдар болгон, деп билдирди өкмөттөгү булак АКИpress агенттигине.

«Алар уйгур тилинде сүйлөшүп жатышты», - деди ал.

«Атайын жүргүзүлгөн операция ийгиликтүү аяктады. Биз тараптан жабырлануучулар жок. Учурда прокуратуранын, ИИМдин жана УКМКнын, Мамлекеттик чек аранын кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. Өлтүрүлгөн кылмашкерлер уйгур улутунан болгон деп айтса болот», - деп кошумчалады ал.

Ошондой эле, күч органдарындагы булактар дагы өлтүрүлгөн адамдар уйгур сепаратисттери болушу мүмкүндүгүн тастыкташты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×