Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Фото - Жыргалаңдын эли экс-президент А.Атамбаевди жубайы менен эс алууга чакырышты

Turmush -  Ак-Суу районунун алыскы Жыргалаң айылынын тургундары экс-президент Алмазбек Атамбаевди конокко чакырышты. Жергиликтүү тургундардын мындай чакыруусун айыл аймактын башчысы Талант Мукалаев социалдык тармактагы өзүнүн баракчасына жазган.

Маалым болгондой, элеттиктер А.Атамбаев эң алгачкы эс алуусун чет өлкөдө эмес, Кыргызстандын бир бурчунда тоо койнунда жайгашкан, кар жамынган кичинекей айылда өткөрүүсүн каалашат. «Ассаламу алейкум, урматтуу экс-президент Алмазбек Шаршенович! Бир убакыт таап жубайыңыз менен Кыргызстандын эң кооз жери Шахта-Жыргалаң айылына эс алып кетүүңүздү өтүнөбүз», - деп жазылат чакырууда.

Эске сала кетсек, Ак-Суу районунун Жыргалаң айылын шахтерлор негиздеген. Бул жердеги көмүр кенине 1936-жылдан бери изилдөө иштери жүрүп, 1948-жылы Раззаков (ошол учурдагы Министрлер Советинин төрагасы) атайын экспедиция менен келип, мында шахта уюштуруу маселесин көтөрүп чыккан. 1949-жылы эң биринчи шахтерлор Көк-Жаңгак, Кузбас, Кызыл-Кыядан келген. Учурда бул айылда 2000ге жакын адам жашайт. Азыр жергиликтүү тургундар мал багуу менен алектенишет. Элеттиктер келечекте тоо туризми менен дагы өнүгөбүз деген пландарды курууда жана андагы алгачкы эс алуу жайга чет өлкөдөн туристтер келе башташты. Бул жаатта аймактын келечеги кең дешет туризм жаатында иштегендер. Себеби, аталган айылда ал үчүн толук табигый шарт бар.

Ак-Суу районунун эң алыскы Шахта-Жыргалаң айылында кыш мезгили 8 айга созулуп, кардын калыңдыгы 1 метрге чейин жетет. Айылда 200дөн ашык түтүн эл жашайт. Айыл райондун борборунан 60 чакырым алыс жайгашкан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, СССР маалында бардык азык-түлүктөр, чарба буюмдары айылга жеткирилип турчу. Жер алдынан кара алтын казып иштеген айыл элинин көпчүлүгү шахта иштебей калганда үйлөрүн сатып, көчүп кетишкен.

«Бул айылда жашоо кыйын, айдоо аянттары жок. Ошого карабай айыл элинин ынтымагы бекем. Акыркы үч жылдан бери элет элинин ынтымагы чыңдалып, айылда 9 жамаат түзүлдү. Жамааттар топ-топко бөлүнүп, өз ара фонддорун топтошот. Алдыңкы жамааттардын өздүк каражаттары 100 миң сомдой. Азыр тургундардын көпчүлүгү бул жерде туристтерди кабыл алуу мүмкүн экенин түшүнүп калышты», - дешет жергиликтүү тургундар.

Айыл аксакалы Касейин Калканбаевдин айтымында, айыл эли абдан ынтымактуу. Майрамдар жамааттардын биргелешүүсү менен уюшкандыкта белгиленет. Жамааттардын лидерлери шайланган. Алар ар бир айда жасаган иштери тууралуу отчет берип, аны менен катар айыл аймак башчысынан да отчет алышат.

Шахта-Жыргалаңда алгачкы үйлөр 1938-жылы курулса, кийин 1990-жылдары жаңы үйлөр курулган. Эки жылдан бери ФАП курулуп, айылдын ички түзүлүшү, калктын айрым көйгөйлөрү чечилүүдө. Айылдагы шахта туруктуу иштебей калганы көйгөй жаратып келет, дешет айыл тургундары.

Айыл аймактын башчысы Талгат Мукалаевдин маалыматына караганда, өрөөндө туризмди өнүктүрүү үчүн коомдук бирикме түзүлгөн. Анын ачылыш аземине АКШнын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Алан Мельцер да катышкан.

«Коомдук бирикме «Жыргалаң өрөөнү дестинациясы» деп аталып, аймактагы туризмди жандантуу багытында иш алып барат. Негизинен Жыргалаң аймагы тоолуу келип, кар калың жаап, кышкы лыжа сүйүүчүлөрү үчүн эң ыңгайлуу жер болуп эсептелет. Ошондуктан кышкы туризм аркылуу аймакты жандандыруу башкы максатыбыз», - деди Т.Мукалаев.

Тема боюнча:

10.03.2016Айыл турмушу: Ак-Суунун Шахта-Жыргалаң айылында кыш мезгили 8 айга уланат (фото)
27.10.2016Фоторепортаж - Жыргалаңга калың кар жаады
24.04.2017Ысык-Көлдө Жыргалаң көмүр шахтасында изделип жаткан эки шахтер тирүү табылды (фото, толукталды)
29.05.2017Айыл турмушу: Жыргалаң өрөөнүнө чакан үй курган Ж.Бекбоева европалык туристтерди кабыл алууда (фото)
05.07.2017Жыргалаң шахтасында эки шахтерду куткарууга салым кошкон А.Абдыкадыров да сыйланды (фото)
26.07.2017Фото — Жыргалаң айылынын карыялары «Рух Ордого» барып, көл жээгинде эс алышты
24.08.2017Жыргалаң айылында жайкы фестиваль өтөт (фото)
28.08.2017Фото - Жыргалаң айылында чет элдик туристтердин катышуусунда жайкы фестиваль өттү
28.08.2017Жыргалаңда өткөн фестивалда чет элдик туристтер аркан тартышып, жалын бийин бийлешти (фото, видео)
04.09.2017Фото - Жыргалаңдагы фестивалда чет элдиктерди тамшанткан чымчыма тамагы кантип жасалат?
29.09.2017Ак-Суунун алыскы Жыргалаң айылы туризмди өнүктүрүү багытында 3 номинацияга ээ болду (фото)
31.10.2017Жыргалаңда КВНчи Кененсаровдордун чоң энеси спорттук аянтчанын ачылышына катышты (фото)
09.11.2017Фото - Алыскы Жыргалаң айылына биринчи кар жаады
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7555
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×