Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Нарын

Өзгөчө тойлор: Нарындык 2 классташ үлпөт тойлорун чогуу өткөрүп, Япония, Түркияга саякатка жолдомо алышты (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылындагы 29 жаштагы классташ достор Семетей Суранбаев менен Кубанычбек Дарманов үлпөт тойлорун 22-октябрда бирге өткөрүп, кесиптештеринен чет мамлекетке барууга жолдомо алышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Семетей Суранбаевдин айтымында, досу экөө кичинекей кездеринен бери чогуу чоңоюшкан.

«Кичине кезибизден чогуу жүрүп, чогуу ойноп, көп пландарыбыз бар болчу. 9-классты аяктап, бир окуу жайга кеттик. Ичпейбиз, чекпейбиз, жакшы жүрөбүз деп мелдешип алып, бири-бирибизди карап жүрчүбүз. Ошондо эле чогуу үйлөнөбүз деп сүйлөшкөнбүз. Экөөбүз Кореяда 5 жыл иштеп келдик. Келгенде жубайларыбыз менен тааныштык. 4-5 ай чогуу жүрүп, үлпөт тойго чейин экөө жакын курбулардан болуп калышты. Ошондуктан тойду да чогуу өткөрөбүз дегенге эч каршы болушкан жок. Менин жубайым Алиман Кочкор районунан, досумдун жубайы Керемет Ат-Башы районунан болот», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле, үлпөт тойду Бишкекте өткөрүшкөндүгүн кошумчалады.

«Башында эле программа түзүп, ыңгайлаштырып баштадык. Жек-жааттарыбыздын шартына жараша тойду Бишкек шаарында өткөрүүгө туура келди. Той саат 18:00дө башталып, түнкү саат 2:00гө чейин уланды. Инилерибиз тамада болушту. Тойдун сценарийин өзгөчөлөнтөлү деп өзүбүз түзүп бердик. Менин ата-энем улуу болгондуктан мен жактагылар биринчи чыгып, сүйлөп жатышты. Экөөбүздүн досторубуз бир болгондуктан, жек-жааттарыбыздын көбү экөөбүзгө тең келгендер болду. Жалпы конокторубуз 400 адамга жетти. Конокторго тартылган чакан тасмабызды көрсөттүк. Тойдо эч кандай баш аламандык болгон жок. Чогуу иштешкен кесиптештерибиз Японияга, Түркияга саякатка жолдомо беришти. Төртөөбүз жакында саякатка кетүүгө даярданып жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 17516
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×