Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Баракелде

А.Атамбаев Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү тууралуу: Эки мөңгү тең 23 жыл мурун жайланып баштаган

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик кызматындагы акыркы маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин Суу кодексине өзгөртүү киргизген чечими тууралуу да айтылды. Өлкө башчы СССРдеги мөңгүлөрдүн каталогуна шилтеме берүү менен билдиргендей, Кыргызстандын аймагында 6771 мөңгү бар.

«Мөңгүлөрдүн бардыгы климаттын, аба ырайынын айынан ээрип жатат. Бул мыйзам 6771 мөңгүнүн экөөсүнө гана тиешелүү. Эки мөңгү тең 23 жыл мурун жайланып баштаган. Ошол кезде эмне үчүн эч ким сындабайт? Бирок албетте мен бардыгын карап чыгып, андан кийин гана кол коем», - деди өлкө башчы.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында маалымат жыйын уланып жатат. А.Атамбаев бул жолу убактысынын тардыгына байланыштуу жыйын 2 саатка гана улана турганын эскерткен.

Жогорку Кеңештин 16-ноябрдагы жыйынында Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн казууга уруксат берген чечим кабыл алынган эле.  

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2595
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×