Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 18.11.2017 17:32

Нарынга бүгүн памирлик кыргыздардын экинчи тобу келди (фото)

Turmush -  Нарын шаарына бүгүн, 18-ноябрда Афганистан Ислам Республикасынан памирлик кыргыздардын экинчи тобу келди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, Нарын районунун Куланак айылындагы лицейге жайгаштырылган памирлик кыргыздарды көрүү үчүн Кыргызстанга жалпы 11 этникалык кыргыз учак менен учуп келишкен.

Афганистандан келген экинчи топ дагы Нарын облустук бириктирилген ооруканасында медициналык кароодон өткөрүлүп, андан соң Куланак айылындагы №86 кесиптик лицейге жайгаштырылат. Ал эми, 18 жашка чейинки балдар Нарын шаарындагы Үсөн Асанов атындагы облустук лицей-интернатында билим алышат.

Буга чейин Афганистан Ислам Республикасынан дагы памирлик кыргыздар келерин 24-октябрда  этникалык кыргыздарды Куланак айылындагы кесиптик лицейге жайгаштыруу учурунда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева билдирген болчу.

Анын айтымында, Нарын облусуна келе турган памирлик кыргыздардын саны 44 адам болгон.

«Биздин делегация менен 44 адам келиши керек эле, бирок кээ бирөөлөрүнүн документтери бүтпөй калып, келе албай калышты. Учурда алардын документтерин бүткөрүү иштери Афганистанда жүрүп жатат. Алар учак менен келишет. Мындан тышкары бул жакка келген памирлик кыргыздарды көрүп кетүү үчүн ата-энелери, жакындары да келиши да күтүлүүдө», - деди Ж.Ибраева.

2017-жылдын 13-октябрында саат 20:30 чамасында этникалык кыргыздар Жалал-Абаддагы Кара-Көл шаарына бир күн түнөгөндөн кийин Нарын шаарына жетишкен. Аларды вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова коштоп келип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочулар кубануу менен салтанаттуу түрдө тосуп алышты.

Кыргызстанга Кичи жана Чоң Памирден 33 адамдан турган 6 үй-бүлө келди. Алардын ичинде 18 жашка чейинки 17 бала, кош бойлуу аял жана 1,5 жаштагы бир бала бар. 2017-жылдын 2-октябрында Кыргызстандын өкмөтү Кичи жана Чоң Памирге гуманитардык жардамды жеткирүү жана этникалык кыргыздардын балдарын окутуу үчүн ата-энелеринин коштоосунда өлкөгө алып келүүгө экспедиция жөнөткөн болчу.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

13.10.2016Фото - Памирлик кыргыздар көчүп-конуп жашашат, ошондуктан алардын так санын билүүгө мүмкүн эмес, - Т.Жуманов
26.12.2016Памирлик кыргыздар көчүп келүүнү кааласа Чоң-Алайдан 20 гектар жер бөлүнөт
14.10.2017Видео, фото: Памирлик кыргыздарды алып келүүдө бийлик тараптан тоскоолдуктар болду, - вице-премьер-министр
23.10.2017Нарындагы памирлик кыргыздардын балдарды тубаса жүрөк оорусу менен жабыркайт, - дарыгер (фото)
25.10.2017Памирлик кыргыздар Куланактагы кесиптик лицейге жайгашты (видео, фото)
31.10.2017Нарында памирлик кыргыздарга сый көрсөтүлдү (фото)
02.11.2017Фарс тилинде окуган памирлик кыргыздарга алиппе сабагы башталды (фото)
10.11.2017Теректиктер памирлик кыргыздарды өрүлүктөп, бала көрүп барышты (фото)
15.11.2017Памирлик кыргыздар нарындык өнөрпоздор менен кара жорго бийине түшүштү (фото)
17.11.2017Фото - Нарында памирлик кыргыздар биринчи жолу эмдөөдөн өтүштү
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×