Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 17.11.2017 10:14

Бакай-аталык бир тууган окуучулар Россияда өткөн сынакта байгелүү орунду ээлешти

Turmush -  5-11-ноябрь күндөрү Москва шаарында өткөн «Россиянын тарыхы жана маданияты» аттуу фестивалда бакай-аталык окуучулар байгелүү орунду ээлешти. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалым болгондой, сынакка катышкан бир тууган окуучулар — 7-класстагы Алтай Кадыркулов 4-орунду, 4-класстагы карындашы Тинатин Кадыркулова 3-орунду ээледи. Сынакка 23 өлкөдөн 70тен ашык окуучу катышкан.

Ошондой эле, Тинатин Кадыркулова кийинки жылы өтүүчү фестивалга чакыруу алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×