Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 15.11.2017 16:50 На русском

Жалал-Абадда базарга унутуп кеткен 3 жаштагы кызын атасы бир айга жакын издеген эмес

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы реабилитациялык борборлордун биринде тарбияланып жаткан 3 жаштагы Мадина жакындарына кайтарыла элек. Аны ушул жылдын октябрь айынын башында атасы базардан жоготуп жиберип, ошол бойдон издеген эмес. Бул маалыматты Жалал-Абад шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Айдай Адылбекова тастыктады.

Анын айтымында, кыз базарда жамгырда калып, уктап жаткан жеринен табылган. Ал борборго алынып келгенден кийин анын ата-энесин издөө иши бир айга созулган. Андан кийин кыздын жакындарын жергиликтүү каналдар аркылуу издешкен.

«Кыз 3-октябрда базардан табылган. Аны бир айга чукул эч ким издеген эмес. Жергиликтүү каналдар аркылуу жарыялагандан кийин атасымын деп бир адам кайрылды. Бирок ал атасы экендигин далилдей алган жок. Тактап айтканда кыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн көрсөтө алган жок. Ал кишинин паспортунун жарактуу мөөнөтү да өтүп кетиптир. Кыздын документтерин тактоо иштери толугу менен аягына чыккандан кийин чечим кабыл алынат», - дейт А.Адылбекова.

Маалыматтарга караганда, кыздын атасы Сузак районуна караштуу Кара-Март айылында убактылуу жашап, койчу болуп жүрөт. Ал кызын базарга унутуп кеткенин, кийин издегенин айткан.

Ал: «Кызымды бирөөлөр багып алса керек деп ойлодум, аялымды базарга жиберсем таппай кетиптир», - деп билдирген.

Учурда кыздын аты-жөнүн толук тактоо иштери жүргүзүлүп жатат. Атасы 3 жаштагы кыздын энеси менен ажырашып кеткен. Кыз өгөй эненин колунда тарбияланып жаткан. Кыздын атасы Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну. Учурда Сузак районунда убактылуу жашап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×