Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Кочкордо бир күндө табылган 3 жансыз дене: Сөөктөрү эле калган жигит 4 жылдан бери дайынсыз болчу

Turmush -  Нарындагы Кочкор районунун аймагынан 3 адамдын жансыз денеси табылды. Алардын экөөсүнүн өздүгү аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган түзүмдүн билдиргенине караганда, өздүгү такталгандардын бири Кочкор айылынын тургуну болгон. Ал 2013-жылдан бери дайынсыз болгондугу маалым болду.

3df93b5f3bcc9e2675f8e1c01c9a702f_500_0_0

«Акыркы сутка ичинде Кочкор районунун аймагынан эки эркек жана бир аял кишинин жансыз денелери табылды. Алардын арасынан эки эркек кишинин өздүгү аныкталып, аял кишинин өздүгүн тактоо иштери жүрүүдө», - деп билдирди басма сөз кызматынан.

Кочкор районунун аймагынан куткаруучулар кечээ, 14-ноябрда 3 адамдын жансыз денесин табышты. Алар милиция кызматкерлерине өздүгүн аныктоо үчүн берилген.

Милиция кызматкерлери Арчалуу тилкесиндеги тоонун боорунан белгисиз адамдын сөөктөрүн табышкан. Анын сөөктөрү ачык көрүнүп калгандыктан дене тоонун боорунда көптөн бери жаткандыгы аныкталган. Учурда бул адамдын өздүгү аныкталып, Кочкор айылынын 1994-жылы туулган тургуну Н.Т. экендиги такталды. Ал 2013-жылдын апрель айында тоого мал кайтарууга кетип, ошол боюнча дайынсыз жоголгон.

Ошондой эле, саат 13:16да куткаруучулар Орто-Токой аймагындагы Орто-Токой суусунун жээгинен белгисиз адамдын жансыз денесин чыгарышкан. Учурда бул адамдын дагы өздүгү такталып, Кочкор районуна караштуу Ормон-Хан айылынын 1970-жылы туулган тургуну А.Б. экендиги аныкталган. Бул адам дагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Мындан тышкары, саат 16:20 чамасында куткаруучулар Жылуу-Суу аймагындагы Чу суусунун жээгинен 40-45 жаштагы азиат түспөлүндөгү аял кишинин жансыз денесин алып чыгышкан. Учурда анын өздүгүн тактоо иштери жүрүүдө.

Тема боюнча: Фото - Кочкордо бир күндө 3 адамдын денеси табылды. Бирөөнүн сөөктөрү эле калган

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8441
Комментарии
X
Для размещения комментария авторизуйтесь
Көп окулду
×