Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Чүй

Плита басып көз жумган кош бойлуу Назира менен жолдошу 3 жылдан бери бала күтүп жүрүшкөн (фото)

Turmush -  Сокулук районунун Новопавловка айылында курулуп жаткан үйдөн плита түшүп кетип, кошуна үйдү басып калган эле. Анын кесепетинен 3 жылдан бери бала күтүп жүргөн кош бойлуу келин каза болду.

Маркум Наргизанын жолдошу Асхат Амантаевдин айтымында, тергѳѳчүлѳр плитаны чыгарган ишкананын атын атоодон баш тартып, жазган арызын араң кабыл алышкан.

347797.cc982fc43a874485dd153fed6152a52a

«Ичибиз ачышып жатат. Келинчегим Наргиза экѳѳбүз түтүн булатып, чогуу жашап жатканыбызга 3 жыл болгон. Анын бир айлык боюнда бар болчу. Тергѳѳ иштери боюнча айтсам, эч бир иш жасалган жок. 14-ноябрда Сокулук райондук ички иштер бѳлүмүнүн тергѳѳчүсүнѳ арызымды алып барсам, албайбыз дешти. Мен арызымды алгыла деп кѳгѳрүп туруп алдым. "Эмне үчүн арыз жазганга укугум жок?" дедим. Ошондо да мен өз колум менен арызды жазган жокмун, тергѳѳчү ѳзү жазды. Арыздын көчүрмөсүн мага беришкен жок. "Эртең келип, арыздын көчүрмөсүн алып кетесиң" дешти. Мен тергѳѳчүнүн бѳлмѳсүнѳ киргенде анын ѳңү кубарып кетти. Ал менин арыздануумду каалаган жок. "Эмнеге келдиңер?" деген кѳз карашы менен карады.

Арызымды мен кеткенден кийин ыргытып салды деген да күмѳн оюм бар. Буга чейин бир дагы укук коргоо органдары, тергѳѳчүлѳр "эмне кыласың, арыз жазасыңбы?" деп сурап коюшкан жок. Мындан тышкары цемент плитага экспертиза жүргүзүшкѳн жок. Күбѳлѳрдѳн, бул жакта жүргѳндѳрдүн биринен да сурак алган жок. Плита чыгарган ишкананы тергѳѳчүлѳр мага айтпай жатышат.

Мага крандын айдоочусу же анын туугандары, үйдүн ээси, плита чыгарган ишкананын ээси басып келишкен жок. Колунан эмне келет дегендей мамиле кылып жатышат», - деди ал.

Аскат кран жана цемент плиталар жүктѳлгѳн жүк ташуучу унаанын эшиктери тергѳѳчүлѳр тарабынан мѳѳр басылып бекитилгенин айтты.

«Бирок эшиктери ачылып калыптыр. Убакыт бир аз ѳткѳндѳн кийин кайра мѳѳр менен бекитилиптир. Бизге кѳрүнбѳй келип кетишкендей туюлду», - деди ал.

Маркумдун жолдошу Асхат Амантаев 1991-жылы Сокулук районунун Новопавловка айылында төрөлгөн. Ал дарыгер-реаниматолог болуп иштейт.

Ал эми, Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан бул иш боюнча мыйзам чегинде иликтѳѳлѳр жүрүп жаткандыгын билдиришти.

«Крандын айдоочусун техника коопсуздугу сакталбагандыгы үчүн камакка алдык. Калган иштер дагы ѳз орду менен жүрүп жатат. Бул 1-2 күндѳ бүтѳ турчу иш эмес. Иликтѳѳлѳр айлап созулуп да кетет. Баары мыйзам чегинде болууда. Эгер тергѳѳчүгѳ нааразы болсо, анда атайын алардын үстүнѳн караган бѳлүмдѳргѳ кайрылсын. Алар тергѳѳчүнүн ишин карап кѳрүшѳт. Бирок тергөөчү ѳзүнүн ишин мыйзам чегинде жасап жатат. Түшүнѳм, жабыр тарткан киши ар кандай күмѳндүү ойго жетеленет. Бул табигый көрүнүш», - деди басма сөз кызматынын катчысы Нурбек Токтосунов.

Каза болгон 26 жаштагы келин Нарын облусунун Ак-Талаа районунан эле.

Наргиза 1991-жылы Кара-Бүргөн айылында төрөлүп, ошол айылда өскөн. 9-класска чейин М.Базаркулов атындагы орто мектепте окуп, андан соң ата-энеси менен Чүй облусуна көчүп келишкен. Наргиза үч бир туугандын улуусу. Өзүнөн кийин эки иниси бар. Айылдаштарынын айтымында, ал мектепте жакшы окуган жана тың кыздардын бири болгон.

Буга чейин Turmush басылмасы окуя 11-ноябрда болгонун маалымдаган. 

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Деповская көчөсүндө жайгашкан №30 турак үйдүн үстүнө плита кулап түшкөн. Анын кесепетинен 5 адам — 1 эркек киши, 3 аял, 1 жаш кыз жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Ал эми, оор жаракат алган келин окуя болгон жерде көз жумган.

Turmush басылмасын кабарчысы кырсык болгон жердеги абалга күбө болуп келди. Маалым болгондой, 6 адам чай ичкени отурушкан. Каза болгон келиндин бир тууган кайын агасы Данияр Амантаевдин айтымында, алар 78 жашка толгон чоң эненин туулган күнүн белгилөө үчүн чогулушкан.

«Көз жумган келинибиз Наргиза дасторконун даярдап, жаңы чайга отурганда плита үйдү басып калды. Ошол учурда анын жолдошу эшикте жүргөн. Алар жаңы үйлөнүшкөн болчу. Учурда апабыз Ш.Гүлайым, 1994-жылы төрөлгөн А.Айтурган жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми, А.Динаранын буту сынды.

Кошунабыздын туугандары эч кандай коопсуздукту сактабай курулуш жүргүзүп жаткан. Ал эми, үйдүн ээлери учурда Россияда», - деди Д.Амантаева.

Ал жеңил жаракат алып, ооруканага жаткан жок.

Тема боюнча: Чоң эненин туулган күнүндө келини каза болду: Крандын айдоочусу камакка алынды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9900
Комментарии
X
Для размещения комментария авторизуйтесь
Көп окулду
×