Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Баракелде

А.Атамбаев: «Шестерка» президенттин креслосуна эмес, түрмөгө отурат

Turmush -  «Шестерка» президенттин креслосуна эмес, түрмөгө отурат. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин отурумунда президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

«2014-жылы коңшу мамлекеттин президентинин кесирлигинен улам Кыргызстандын түштүк аймагында газ өчүрүлгөн. Миллионго жакын кыргызстандыктар газы, жарыгы (свет) жок калышкан. Мен Ошко барып тургундар менен жолугушканда жөнөкөй кыргызстандыктар — кыргыздар, өзбектер, орустар, татарлар «сиз биздин президентибизсиз» дешкен. Мен кышта газы жана жарыгы жок отурушкан ошол шаарлардын тургундарына ыраазымын. Алар чыныгы патриоттор», - деди ал.

Атамбаев буга катар эле, парламенттин айрым депутаттары газ берилиши үчүн президент барып, кечирим сурап келиши керектигин айтышкандыгын кошумчалады.

«Анткени дайыма ушундай болчу, Акаев, Бакиев барып келчү. Мындай нерсе эч качан болбошу керек. Эгер биз өзүбүздү сыйлабасак, ким сыйлайт? Мен азыр да парламенттин айрым депутаттары «Атамбаев барып кечирим сурап келсин» дегенин угуп жатам. Мен эмне үчүн кечирим сурашым керек? Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөнү талап кылганым үчүнбү? Эч ким бизге кандай жашоону, кайсы жол менен кетүүнү, кимди президент кылып шайлоону үйрөтпөшү керек. Кечиримди Атамбаев эмес, Кыргызстандын ички иштерине көз көрүнө кийлигишип, өзүнүн эрежелерин таңуулап, Кыргызстандын президентинин креслосуна өзүнүн «шестеркасын» отургузганга аракет кылгандар сурашы керек. «Шестерка» президенттин креслосуна эмес, түрмөгө отурат», - деди Атамбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4412
Комментарии
X
Для размещения комментария авторизуйтесь
Көп окулду
×