Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Таластык Татьяна айым түшүндө аян алып, куран жаттап, «Манас» жөнүндө ырларды жазууда (фото)

Turmush -  Талас шаарынын тургуну Татьяна Тютюнникова түшүнөн аян алып, «Манас» эпосундагы каармандар жөнүндө ырларды жазып калды. Аймактык кабарчы акын айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ыр жазуудан тышкары бейтаптарды кабыл алып, алардын сакайышына көмөк көрсөтөт.

«Талас шаарында туулгам. Орус улутунун кызымын. Кесибим менен көп жыл медайым болуп эмгектенгем. 5 жыл мурун түшүмө камчы кармаган кишилер кирди. Манастын күмбөзүнө барып, камчы сатып алдым. Байыркы ата-тегим кыргыз болсо керек деп ойлойм, түшүмө жалаң кыргыздар кирет. Куранды баштан аяк окуп калдым. Касиеттүү деп эсептелген Көз-Булак, Каныкей апа, Айчүрөк апа, Калпа ата, Арашан булактарга барып, ал жерлерде отуруп «Манас» эпосунун каармандарына арнап ыр чыгарам. Ырларымды социалдык тармактарга жарыялаганда таластыктар «достошолу, ырларыңызды окуп, абдан сүйүндүк» деп жазышат. Аларды окуп мен да сүйүнүп калам.

Россияда туугандарым чакырышат. Бирок Таласта мени кетирбей кармап турган күч бардай сезилет», - деди ал.

Акын айым 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1431
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×