Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 15.11.2017 08:55

Видео – Жети-өгүздүк Элнура жолдошуна кол салган карышкырды кантип өлтүргөнүн айтып берди

Turmush -  Жети-Өгүз районунун алыскы Ак-Шыйрак айылынын тургуну Эсенжан кызы Элнура жолдошуна кол салган карышкырды бычак менен өлтүрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жубайлардын айтымында, бул окуя 7-ноябрь күнү болгон.

Элнуранын жолдошу Мирбек Келгенбаев Сарычат-Эрташ мамлекеттик коругунда бузулуп калган унаасын оңдоп жатканда карышкыр кол салган. Алар белгилегендей, аталган жол тилкеде жубайлардан башка адамдар болгон эмес. Өлтүрүлгөн карышкыр адистерге өткөрүлүп берилип, жубайлар медициналык текшерүүдөн өтүшкөн.

М.Келгенбаевдин айтымында, унааны оңдоп жатканда жанында кичинекей уулу турган.

«Жырткыч артымдан билинбей келип, бутумду тиштеп алды. Дароо эле карышкыр экенин түшүндүм. Анын кулагынан кармап, жерге жыктым. Ошол учурда жубайым унаадан чыгып, карышкырдын жүрөк тушуна бычак сайды», - деди М.Келгенбаев.

Элнура жолдошу кыйкырып, бычак сураганда унаадан чуркап чыкканын билдирди.

«Аларга барганда жолдошум «карышкырды бычак менен сай» деди. Дароо анын айтканын жасадым. Жолдошумдун бутун катуу тиштеп алды деп корктум», - деди ал.

Ак-Шыйрак айыл аймагына жетүү оңой эмес. Ал жерге баруу үчүн райондун борборунан 300 чакырым жол жүрүп, Сөөк ашуусун ашып жана «Кара-Сай» чек ара заставасынын өткөрмө пунктунан өтүү керек. Бул чөлкөмдөрдө кыш 7 айдан ашык убакытка созулуп, абанын төмөнкү температурасы 40 градуска чейин жетет. Айыл деңиз деңгээлинен 3 миң 820 метр бийиктикте жайгашкан.

Аталган аймакка барганы жатканда кан басым жогорулап кетпеши жана жүрөк кадимки режимде иштеши үчүн медициналык текшерүүдөн өтүү зарыл. Климаттын катаалдыгына карабастан Ак-Шыйрак, Үч-Кошкон, Кара-Сай айылдарынын тургундары жана Пикертык аймагында кыштап калган чабандар бул жерде көнүп калышканын айтышат.

Бүгүнкү күндө Ак-Шыйрак айыл аймагындагы 3 айылда 78 турак үй бар болсо, анда 548 тургун жашайт. Алар негизинен мал багуу менен алектенишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×