Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Фото - Кочкордо бир күндө 3 адамдын денеси табылды. Бирөөнүн сөөктөрү эле калган

Turmush -  Нарындагы Кочкор районунун аймагынан куткаруучулар кечээ, 14-ноябрда 3 адамдын жансыз денесин табышты. Алар милиция кызматкерлерине өздүгүн аныктоо үчүн берилген, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Саат 11:45 чамасында ӨКМдин №42 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Арчалуу тилкесиндеги тоонун боорунан белгисиз адамдын сөөктөрүн табышкан. Анын сөөктөрү эле калгандыктан дене тоонун боорунда көптөн бери жатан деп болжолдоого болот. 

Кочкор

Ошондой эле, ушул бөлүктүн куткаруучулары саат 13:16да Орто-Токой аймагындагы Орто-Токой суусунун жээгинен белгисиз адамдын жансыз денесин чыгарышты.

Мындан тышкары, саат 16:20 чамасында куткаруучулар Жылуу-Суу аймагындагы Чу суусунун жээгинен аял кишинин жансыз денесин алып чыгышканы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6394
Комментарии
X
Для размещения комментария авторизуйтесь
Көп окулду
×