Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Талас

Ак-Башат айылында 2 бала бакча ачылды

Turmush -  Кара-Буура районунун Ак-Башат айылында 2 бала бакча ачылды. Бул тууралуу район акиминин орун басары Салкын Карбозова билдирди.

Анын айтымында, «Келечек» бала бакчасындагы 2 тайпада 100 бала тарбияланат. Анын курулушун Азия өнүктүрүү банкы каржылады.

Ошондой эле «Ийгилик» бала бакчасынын курулушуна гранттын эсебинен 2 млн 300 миң сом бөлүнгөн. Ата-энелер 120 миң сомго эмеректерди алышты. Бул бала бакчада 30 бала тарбияланат. Жаңы ачылган мекемелерде 11 кызматкер эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 294
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×