Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Баракелде

Биринчи жолу хиджаб кийген куурчак чыгарылды (фото)

Turmush -  Американын Mattel компаниясы өзгөчө Барби куурчагын чыгарды. Оюнчуктун 58 жылдык тарыхында алгачкы жолу куурчактын чачы хиджаб менен жабылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, жаңы куурчак 31 жаштагы Ибтихадж Мухаммаддын образынын негизинде иштелип чыкты. Ал олимпиада оюндарына эң биринчи жолу хиджаб кийип катышкан америкалык спортчу айым катары таанымал. Куурчактын сырткы келбети спортчуга окшош жана ал Барбинин «Шеро» сериясында чыгарылды.

Буга чейин аталган оюнчуктун прототиби Эшли Грэм, Зендая, Кристин Ченоуэт, Габриэль Дуглас, Эмми Россум, Триша Йервуд жана башка айымдар болгон.

«Мени Barbie Sheroнун үй-бүлөсүнүн жаңы мүчөсү кылып тандаганы үчүн Mattel компаниясына ыраазычылык билдирем. Өзгөчө айымдардын тобуна кошулганыма толкунданып жатам. Эми кыздар хиджаб кийген Барби менен ойной алышат. Муну менен сыймыктанам. Бала кезимдеги кыялым орундалды», - деди Мухаммад.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 678
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×