Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Талас

Куугандыда 30 кыз-келин чачтарач, тикмечилик кесиптерге окутулуп жатат

Turmush -  Талас районунун Кууганды айыл аймагындагы жумушсуз кыз-келиндер тикмечи жана чачтарач кесибине окутулуп жатат. Бул тууралуу айыл аймак башчысы Адилет Жолдошов билдирди.

Анын айтымында, учурда жалпы 30 кыз-келин кесиптик билим алып жатат. Алардын ичинен 20сы тикмечи-бычмачы болсо, 10 адам чачтарачтык кесипти өздөштүрөт. 21 күнгө созула турган окутуулар 2-ноябрда башталган. Азыр алар жаздыктарды, чыптамаларды тигип калышты. Бир күндө 4 саат окуудан өткөн кыз-келиндерге эл аралык уюм тарабынан 2 каптан ун жана 10 литрден өсүмдүк майы берилет.

Кууганды айыл өкмөтүнүн кеңсесинде бир топ жылдардан бери тигүүчү ишкана менен катар чачтарач иштеп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 181
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×