Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

Чолпон-Атада 4 адамдын өмүрүн алган жол кырсык: Жакындары жаңы фактыларды айтып беришти (фото, видео)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарынын кире беришиндеги жол кырсыгынан каза болгон адамдардын жакындары соттон калыс өкүм чыгарууну суранууда, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалым болгондой, бүгүн, 14-ноябрда Ысык-Көл райондук сотуна каза болгон 27 жаштагы Динара Усупбаеванын, 19 жаштагы Адылбек кызы Аиданын (9 айлык кош бойлуу болчу) жана тез жардам кызматынын фельдшери Марипа Садыбакованын жакындары келди.

Д.Усупбаева менен Адылбек кызы Аида бөлөлөр. Каза болгон 19 жаштагы Аиданын апасы Клара Молдогазиеванын айтымында, кырсык болгон күнү ал жумуштары менен Бишкек шаарына кеткен.

«Түндө саат 03:00-04:00 чамасында алар төрөт башталды деп ойлоп, тез жардам кызматын чакырышкан. Кызымдын көз жарарына аз эле убакыт калган. Аны алып кетишиптир. Жеңил унааны («Мерседес-Бенц», жол кырсыкка күнөөлүү айдоочу) кыз башкарып бара жатыптыр. Азыр алар окуяны күтүлбөгөн кырсык катары өзгөртүүгө аракет кылып жатышат. Бирок чындыгында унаанын ичиндегилер мас абалда болгон. Алар күнөөлүүлөрдү эркиндикке кое берүүнү каалап жатышат. Биз мыйзамга ылайык чара көрүүнү суранабыз. Аида менин жалгыз кызым болчу. Ал мага небере төрөп берүүгө да жетишкен жок», - деди ал.

Аида Жети-Өгүз районунун тургунуна турмушка чыккан. Бирок бир нече убакыттан кийин ажырашууну чечишкен.

М.Садыбакованын 23 жаштагы уулу Азаматтын айтымында, апасы жумушун жоопкерчилик менен аткарган. «Апам жумушунун айынан мени унутуп калган да күндөр болгон. Кээде үйгө кеч келгендиктен уктаганы жатканда эле көрүшчүбүз. Медицина тармагында 1983-жылдан бери иштеп жаткан жана 2018-жылы иштегенине 35 жыл болмок. Биз соттон иштин материалын адилеттүү кароону өтүнөбүз. Бизде кыргыздарда мындайдын баарын кырсык деп коюшат. Бирок чындыгында андай эмес. Буга унаадагылар күнөөлүү. Алар 2-3 жактоочу жалдаптыр. Ал эми бизде бирөө да жок», - деди ал.

Ошондой эле, ал экинчи тараптын туугандары каза болгондорду акыркы сапарга узатуу зыйнатына келгенин, бирок алар киргизилбегенин кошумчалады.

«Бир нече убакыт өткөндөн кийин алар кайра келишти. Туугандар «куран окутууга кантип катыштырбай коебуз» дешип, алардын киргизишти», - деди ал.

Азамат белгилегендей, кырсык болгонго чейин ал апасы жана чоң энеси менен Бишкекте болуп, кийин кайра келишкен. Бирок ал чоң энеси менен Балыкчы шаарында калган. Ал эми апасы Чолпон-Атага кайткан.

«Жан дүйнөмдө кандайдыр бир тынчсыздануу бар болчу. Апам нөөмөттө эле. Кийинки күнү ал Балыкчыга келип, анан чогуу Бишкекке кетмекпиз. Эртең менен ойгонуп, телефонума досум бир нече ирет чалганын көрдүм. Ага чалсам, Чолпон-Атага кел деп айтты. Жарым сааттын ичинде бардым. Үйүбүздүн жанына адамдар топтолуп туруптур. Апамды сурасам, жандандыруу бөлүмүндө экенин айтышты. Саат 08:30 чамасы болчу. Бир нерсени сезип, «апам кайсы жерде — жандандыруу бөлүмүндөбү же өлүкканадабы?» деп тактадым. Ошондо алар мага баарын айтып беришти», - деди Азамат.

Д.Усупбаеванын апасы Бурул Конокбаева кызынын артында 2 баласы калганын билдирди.

«Динара 1990-жылы төрөлгөн. Кырсык болгон күнү ал мага телефон чалып, «бөлөмдүн толгоосу башталды, тез жардам унаасы менен төрөт үйүнө бара жатыбыз» деп айткан. Бизге анын жолдошу күнөөлүүлөргө тосмо арыз жазып бергенин билдиришти. Бирок, алар чогуу жашачу эмес, ажырашып кетишкен. Ал кызымды дайыма ур-токмокко алгандыктан кетип калган. Биз мыйзам ченемдүү чечим чыгарууну суранабыз», - деди ал.

Д.Усупбаеванын сөөгүн төрөлүп өскөн айылына — Түп районуна алып келишкен. Бирок анын жолдошунун туугандары келип, сөөктү каада-салтка ылайык жерге бүрүү үчүн алып кетишкен. Сөөктү алып кетүүгө Динаранын таятасы уруксат берген. Д.Усупбаеванын эң кичүү баласы болгону 6 айлык. Ал жолдошу менен баласы 2 айлык кезинде ажырашкан.

Каза болгон адамдардын туугандары Ысык-Көл РИИБдин жетекчисинин орун басары Самат Исмаилов менен жолугушту. Анын айтымында, тергөө иштери мыйзамдын негизинде жүрүп жатат. Кылмыш иштин материалына 2 тосмо арыз тиркелди. Алардын бирөөнү Д.Усупбаеванын мурдагы жолдошу жазып берген.

Окуя тууралуу:

2017-жылы 1-октябрга караган түнү саат 03:00 чамасында тез жардам кызматынын бригадасы чакыруу менен Ысык-Көл районундагы Бает айылына барып, кош бойлуу келинди алып жолго чыгышкан. Ал унаа Чолпон-Ата шаарынын кире беришине жеткенде артында бара жаткан «Мерседес-Бенц» унаасы башкаруусун жоготуп, аны менен сүзүшкөн. Бул кагышуудан кийин тез жардам кызматынын унаасы бир нече жолу оодарылып кеткен.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 1959-жылы туулган айдоочу, 1961-жылы туулган фельдшер, 1998-жылы туулган кош бойлуу келин окуя болгон жерде көз жумган. Ал эми, кош бойлуу келиндин жанындагы тууганы (35-40 жаштар чамасындагы аял киши) оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн үзүлгөн.

Кийинчерээк Чолпон-Ата шаарында 4 адамдын өмүрүн алган жол транспорт кырсыгына себепкер болгон «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын ээси — Бишкек шаарынын 1990-жылы туулган тургуну Т.Тахир экендиги аныкталган. Унааны Кербен шаарынын 23 жаштагы Жибек аттуу тургуну башкарып бара жаткан.

Жол кырсык боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 3-4-бөлүмдөрү (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголду. Ал эми аталган унаанын ээсине 284-берене (мас абалында же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын айдоого жол берүү) боюнча кылмыш иши козголду. Жол кырсыктан кийин дароо унааны башкарган кыздын организминде алкоголдук ичимдик бар экени текшерилип, жыйынтыгында аталган факт тастыкталган.

Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унааны башкарган 23 жаштагы Жибек эки айга камакка алынып, унаанын ээси Т.Тахир 1 айга камалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2234
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×