Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ош

Максат Довранов & Сайкал Садыбакасова: Өкүл апа Самара Каримовадан «Жар-жар» (видео, фоторепортаж)

Turmush -  Ош шаарындагы ресторандардын биринде кечээ, 14-ноябрда теле алып баруучу Максат Довранов менен эстрада ырчысы Сайкал Садыбакасованын үйлөнүү тою өттү. Тойдо күйөө жолдоштун ролун ырчы Нурлан Насип аткарды. Ал эми, Сайкал курбу кыздын милдетин классташ кызы ала турганын айткан болчу.

Учурда Максат 29 жашта, ал эми Сайкал 25 жашта. Жаш түгөйлөргө өкүл ата-эне болуу милдетин Асан Мансуров менен Самара Каримова алган. Салтка айланган «Жар-жар» ырын дагы С.Каримова ырдады.

Эки жаштын тоюна ата-энелери, туугандары жана жакшы санаалаштарынан тышкары бир катар эстрада ырчылары — «Кыз бурак» тобунун мурунку жана азыркы солисттери, Анжелика, Асел Кадырбекова, Бегимай Карабекова жана башка өнөрпоздор күбө болушту.

Сүрөттөр социалдык түйүндөгү баракчалардан алынды:

Буга чейин ырчынын апасы Гүлшайыр Садыбакасова өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына кызына сөйкө салып келишкен кудаларды узаткандыгын билдирип, сүрөттөрдү жарыялаган.

«Кудай буйруп, кызым Сайкалга Ала-Букадан келген куда-кудагыйлар сөйкө салышты. Максат күйөө балама, Сайкал кызыма зор бакыт тилеп, бата берип, кудаларды да узаттык», - деп айтылат анын билдирүүсүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 55527
Комментарии
Обсуждения закрыты
комментарий удален администрацией сайта
Нет аватара
dron
18:54, 14 ноября 2017
Бардыгы жалган тураа.

Бул дүйнөдө сүйүүдө да үй бүлөдө.

А мен болсо жаалындап сүйүүптүрмүүн. деп кете берди.
Көп окулду
×