Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Айыл турмушу: 75 жаштагы Ш.Аракеева 45 жыл ичинде 10 миңге чукул адабий китептерди чогултту (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы 75 жаштагы ардагер мугалим Шакен Аракеева жана анын көп жылдар бою мугалим болуп эмгектенген жолдошу, маркум Мукаш Балтабаев экөө 45 жыл ичинде 10 миңге чукул көркөм адабий китептерди чогултушкан. Ардагер мугалим менен аймактык кабарчы таанышып келди.

Ш.Аракеева белгилүү жазуучу Баратбай Аракеевдин бир тууган эжеси. 75 жаштагы ардактуу мугалим 43 жылдан бери агартуу тармагында үзүрлүү эмгектенген. 1942-жылы 5-апрелде Жети-Өгүз районунда туулган. Жолдошу, маркум М.Балтабаев менен студент кезинде таанышып баш кошушкан. Алар 45 жылдан бери орус элинин жана чет өлкөлүк акын-жазуучулардын, ошондой эле кыргыздын акын-жазуучуларынын көркөм чыгармаларын, китептерин ар кимден сурап, айрымдарын сатып алып окушкан жана ошол китептерди үйүнүн бир бөлмөсүнө чогултуп келишкен. Алар жыйнаган китептердин саны 10 миңге чукулдаган.

«Жолдошум экөөбүз 45 жылдан бери башкача айтканда, студент кезибизден бери көркөм адабий китептерди окуп, ошондон бери чогултуп келгенбиз. Өзгөчө жолдошум Мукаш китепти абдан сүйүп, кастарлап турчу. Түнкү саат үчтөргө чейин баш көтөрбөй китеп окучу эле. Ушул китептердин дээрлик 80 пайызын окудук. Китептерге чаң жугузбай, майда балдарга тийгизбей, айрытпай-тыттырбай бапестедик. Жолдошум "менин байлыгым – китеп" деп айтчу», - деди Ш.Аракеева.

43 жыл орус тили жана орус адабияты мугалими болуп иштеген Ш.Аракеева «Эл агартуунун мыктысы» төш белгиси жана башка жогорку сыйлыктарга татыды. Ал эми, жолдошу М.Балтабаев СССРдин «Эл агартуунун мыктысы» жана башка көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон.

«Жолдошум чогулткан китептерин 70 жашка чыкканда китепканага тапшырам деген жакшы ой-максаттары бар болчу. Бирок ал максаттарына жетпей калды.

Азыркы жаштар китепке кызыкпайт. Китептин баркын билбейт, кастарлабайт. Учурда жашым 75те. Бул китептерди кастарлап, бапестеп ким сактайт? Ошондуктан китепканага, мектептерге өткөрүп берүүнү туура көрдүм», - деди ардактуу мугалим.

Тема боюнча: Ак-талаалык мугалим Ш.Аракеева 2 миң даана китепти райондук китепканага белекке берди

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 527
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×