Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Каратал-Жапырык коругунда мыйзамсыз аңчылык болгон жок, - директор

Turmush -  Нарын облусундагы Каратал-Жапырык жаратылыш коругунун аймагында мыйзамсыз аңчылык катталган эмес. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган коруктун директору Бакыт Чороев билдирди.

Анын айтымында, Мамэкотехинспекциясынын Нарын аймактык башкармалыгы Германия жаратылышты коргоо уюмунун (NABU) барс ыкчам тобу жана Нарын ОИИБдин кызматкерлери менен бирге аңчылык кылгандарга карата рейд өткөргөн. Анда Каратал-Жапырык жаратылыш коругунун аймагынан 15-20 чакырым алыс жерде — Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагынын Сары-Бел, Кыргоо тилкесинде атылган тоо текенин мүйүзүн жана курал кармоо боюнча бүлгүнчүлүк фактысы аныкталган.

«Ал эми, Соң-Көлдөн 2800 метрдей балык кармоочу торлор жана 50 даана сига балыгы, 5 кайыктын мотору алынган. Бул мыйзамсыз аңчылык боюнча фактынын баардыгы Каратал-Жапырык жаратылыш коругунун аймагынан тышкары катталган. Соң-Көл көлүнүн аймагындагы 22 миң гектардан ашык суу акваториясы Айыл чарба министрлигинин алдындагы Соң-Көл балык чарба департаментине карайт. Ал эми, 5 миң 200 гектар суу акваториясы жаратылыш коругунун аймагына кирет. Коруктун кызматкерлери тарабынан жыл бою көзөмөл жана мониторинг жүргүзүлүп турат.

Каратал жана Жапырык өрөөнү бул — эки чоң бири-бирине чектешкен өрөөн болуп саналат. Жергиликтүү эл бул жерди Каратал-Жапырык деп аташат. Бул аймак Нарын чокой чарбасына, Жерге-Тал жана Ак-Кудук айыл аймактарына карайт. Каратал өрөөнүнүн 5 миң 505 гектары гана Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругуна кирет. Көптөгөн жергиликтүү тургундар жана тескөөчүлөр коруктун аймагын билбей, Каратал жана Жапырык өрөөнүн коруктун аймагы катары эсептешет. Түзгөн протоколдун негизинде мыйзам бузулган жерлерди тиешелүү органдардан тактап берүүнү суранабыз», - деди ал.

Буга чейин Мамэкотехинспекциянын Нарын аймактык башкармалыгы Германия жаратылышты коргоо уюмунун (NABU) барс ыкчам тобу жана Нарын ОИИБдин кызматкерлери менен бирге аңчылык кылгандарга карата рейд өткөргөндүгү маалымдалган. Анын натыйжасында мыйзамсыз аң уулоочулар кармалды, алардын арасында отставкага кеткен полковник дагы бар. Бул тууралуу аймактык кабарчыга  Мамэкотехинспекциясынын башкы инспектору Рудбек Абдраев билдирди.

Анын маалыматына караганда, атайын пландан тышкары биргелешип өткөрүлгөн рейд Каратал-Жапырык жаратылыш коругунун Соң-Көл аймагын текшерүүгө алган. Рейд учурунда мыйзамсыз аң уулоочулар жана аңчылыкка мыйзамсыз курал-жарагын колдонуп жүргөн жаран дагы кармалган.

«Экологиялык коопсуздук техникалык инспекциясынын регламентине ылайык айлана-чөйрөнү коргоо боюнча сезон убагында рейддерди өткөрүп жатабыз. Акыркы 5 күндүн ичинде эл аралык "НАБУ" тобуну жана Нарын ОИИБдин кызматкерлери тарабынан рейддерди өткөрүүдөбүз. Рейд учурунда 4-5 жаран мыйзамсыз аңчылык кылганы аныкталды. Каратал-Жапырыктан жаңы атылган тоо текенин мүйүзү, 4 суурдун, 1 түлкүнүн териси, 5 капкан, документи жок мылтык алынды. Ал эми, Соң-Көлдөн 2800 метрдей балык кармоочу торлор жана 50 даана сига балыгы, 5 кайыктын мотору алынып, тийиштүү актылар түзүлдү.

Ошондой эле, Нарын районунун чыгыш тарабы Кара-Кужурга барган кезде Миң-Булак айылынын тургуну 3 түлкү, 1 кашкулакка аңчылык кылгандыгын аныктадык. Мындан тышкары, жолдо кетип бара жатып кээ бир унааларды текшерүүгө алган учурда Сары-Булак аймагынан мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн жеринен Кочкор районунун тургуну бир коён, бир кыргоол, үч кекилик, бир чил жана 12-каллибр мылтыгы менен кармалды», - деди Р.Абдраев.

Рудбек Абдраевдин айтымында, аңчылык учурунда кармалган адамдар жетиштүү жашоодо жашагандыгын, аңчылыкка кээ бири «Лексус» үлгүсүндөгү унаалары менен келишкендигин жана алардын арасында отставкадагы полковник дагы бар экендигин кошумчалады.

«Чынында 2-3 жылдан бери мыйзамсыз аңчылык кылгандарга баа көтөрүлүп тынчып калган. Акыркы 5 күндүк рейддин учурунда кайра өскөнүн билдик. Нарын облусунда эле 20 миң курал-жарак мыйзамдаштырылып колдонулуп жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар. Кечээ өткөрүлгөн рейдде атайын эле аңчылыкка чыккан жарандар экен, алардын арасында мен тааныган отставкадагы полковник дагы бар», - деди Р.Абдраев.

Мыйзамсыз аңчылык кылгандар боюнча тиешелүү материалдар облустук прокуратурага тергөө үчүн өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 274
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×