Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ак-Сууда жаштардын форуму өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айыл аймагында Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата жаштар форуму өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Форумга аталган айылдык кеңештин төрагасы Э.Темиров, жаш депутаттар жана айыл аймактын активдүү жаштары катышты. Ошондой эле, «Жаштар үчүн жаркын келечек» долбоорунун алкагында жаштарга колдоо көрсөтүп келе жаткан GIZ жана FSDS коомдук фонддорунун өкүлдөрү келишкен.

Форумда жумушчу топ тарабынан даярдалып жаткан 2018-2020-жылдарга карата Теплоключенка айыл өкмөтүнүн жаштар стратегиясы талкууланды. Бул пландын негизинде эң маанилүү болуп эки багыт тандалып алынган. Биринчиси — жаштардын маданиятын жогурулатуу, адеп-ахлакты өстүрүү.

Экинчи багыт — жаштар үчүн атайын эс алуучу жай уюштуруу жана жаштардын кичи ишкерлик менен иш алып баруусуна, долбоорлор аркылуу гранттарды утууга көмөктөшүү. Форумдун алкагында катышуучулардан көптөгөн кеп-кеңеш, жаңы идеялар айтылып, жазылып жаткан планга толуктоолор киргизилди. Форум окуучулар тарабынан даярдалган «Жаштар үнү» аттуу флешмоб менен жыйынтыкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 249
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×