Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Талас

Жубайлар: Бакай-аталык Тургунбек ата Шайбүбү апага үйлөнгөндө үйгө ат менен алып келген (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылынын 82 жаштагы тургуну Барпиев Тургунбек ата 76 жаштагы жубайы Барпиева Шайбүбү апага үйлөнгөндө үйгө ат менен алып келген. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Шайбүбү апанын айтымында, Кош-Арык айылында чоңойгон. Жолдошу экөөнүн бирге түтүн булатып келе жатканына 59 жыл болду.

«Илгери сүйүү абдан бекем болчу. Жолугушуу үчүн жигиттер күндүн ысык-суугуна карабай ат минип барып жолугуп келсе, азыркылар үйдө жатып алып эле телефондон сүйүүлөрүн билдирип жатышпайбы.

Жолдошум Тургунбек менен 15 жашымда жакындарым аркылуу таанышып калгам. Экөөбүз 1 жыл сүйлөштүк. Ал убакта ачыкка чыгып сүйлөшүү абдан уят көрүнүш эле. Мага жолукканы барат, үйдөгүлөрдөн коркуп жатып, зорго чыгып жолугуп келем. Бир аз турган соң кайра чуркап үйгө кирип кетер элем. Кийин мени көпкө тамашалап, чычалатып жүрдү.

Бир күнү жолдошум Бейшен, Кемел деген классташ балдарын ээрчитип барып, атка учкаштырып алып баса берген. Ошентип 16 жашымда бир үйдүн улуу жана эрке келини болуп калдым. Жолдошум сугатчы болуп эмгектенсе, мен тамекиде иштедим. Жалгыз келин деп кайын энем жакшы карады. Экөөбүз 10 балалуу болдук. Жашообуз жакшы өттү. Бири-бирибизге дем-күч берип, эриш-аркак болуп ушул убакка жеттик», - деди ал.

Тургунбек ата менен Шайбүбү апа 10 баланын, 30 неберенин жана 13 чөбөрөнүн ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 190
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×