Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Баракелде

Фото - Бүгүндөн тарта жаңы 2000 сомдук банкнот жүгүртүүгө чыгарылды

Turmush -  Кыргызстанда бүгүн, 17-ноябрда 2 миң сомдук номиналдагы улуттук валютанын алгачкы нумизматикалык эстелик банкноттору жүгүртүүгө чыгарылды. 

Банктын жетекчиси Кубанычбек Кулматовдун айтымында, бул валюта вертикалдуу түрдөгү алгачкы валюта болуп калат.

«Эстелик банкноту Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан мамлекеттин тарыхындагы маанилүү эки учурду: Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүккө ээ болушунун 25 жылдыгына жана улуттук валютанын жүгүртүүгө чыгарылышынын 25 жылдыгына карата чыгарылган. Эстелик банкнот мамлекеттүүлүктүн пайдубалынын түптөлүшүнүн: байыркыдан бүгүнкү күнгө чейинки калыптануу жолун чагылдырган жана заманбап коргоо элементтерин камтыган өзгөчөлөнгөн дизайнга ээ», - деп айтылат Улуттук банктын маалыматында.  

2 миң сом

Банкнот бир жолу чыгарылат. Терминалдар жана банкоматтар 2 миң сомдук банкнотту кабыл албайт. Бирок банкнот Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты макамына ээ жана милдеттүү төлөм каражаты катары кабыл алынат. 2 миң сомдук номиналдагы банкнотту Улуттук банктын (Үмөталиев көчөсү №101) жүгүртмө кассасынан сатып алууга мүмкүн. Ал эми, 20-ноябрдан баштап ал Кыргызстандагы коммерциялык банктарда жеткиликтүү болот.

2000 сом номиналындагы эстелик банкноттун негизги коргоо белгилери:

- Түстүү голограмма — банкнотту сол жактан оң жагына же тескерисинче алып, жантайтып кароодо «25» саны улуттук оюу-чийимге айланып өзгөрөт;

- Микрооптикалык тилке — банкнотту жантайыңкы алып кароодо тигинен жайгашкан тилкеде чагылдырылган сүрөттөлүштөр ар башка түстө, көлөмдө кубулуп, чагылышып көрүнөт;

- Көмүскө сүрөттөлүш — банкнотту жантайыңкы алып кароодо түркүн түстүү тилкелер пайда болот;

- Банкноттун арткы бетиндеги иридисценттик тилкеде канатын кере жайып, учуп бара жаткан куштун эки түстө берилген элеси чагылдырылган;

- Суу белгиси — ар тараптан чагылдырылып, түркүн түскө кубулуп көрүнгөн суу белгиси, сандык номиналдын электротиби;

- Өтмө регистр — банкноттун алдыңкы жана арткы бетинде бири-бирине дал келтирилип жайгаштырылган айырмалоочу белги. Жарыкка салып кароодо андан «2000» санын көрүүгө болот.

Улуттук банктын билдирүүсүндө: «Банкноттун алдыңкы бетинде чачыранды урууларды бириктирип, түпкүлүктүү кыргыз элинин уюткусун кураган айкөл Манас атабыздын Аккуласын минип, жоо-жарагы шайма-шай эл четинде, жоо бетинде турган элеси чагылдырылган. Кыргыз эли ыйык тутуп, табынып келген, жаман көздөн жана суук сөздөн коргоп, анын руханий дүйнөсүнүн көөнөрбөс кутуна айланган ыйык Умай Эне белгиси, көчмөн элдин турагы – жакшы жашоо, байгерчиликтин, ырыс-ынтымактын символу боз үйдүн сүрөттөлүшү негизги сюжетти толуктап турат.  

Кыргыз элинин басып өткөн жолун, жакшы жашоого умтулуп, жетишкен ийгиликтерин чагылдырган өмүр дарагы банкноттун арткы бетинин негизги сюжети. Аалам эгеси, асман тиреген «Хан-Тенгри» улуулукту, айкөлдүктү туу тутуп, алдыга үмүт артып жашаган, кайрат-күчү майтарылбас кыргыз элине мүнөздүү касиеттерди чагылдырса, көз жоосун алган көгүлтүр Ысык-Көлдүн керемет сүрөттөлүшү алкагында канатын кере жайып учуп бара жаткан бүркүттүн элеси эркиндикти сүйгөн, тоскоолдуктарды тоготпой жиреп өтүп, сүр көрсөткөн, адилетсиздикке элдешпес кыргыз мүнөзүн чагылдырат», - деп айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5000
Комментарии
X
Для размещения комментария авторизуйтесь
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×