Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Чүй

Супермаркетте алданган кардар: Кара-балталык аял сатуучулардын алдоо ыкмасын айтып берди

Turmush -  Кара-Балта шаарынын супермаркеттеринде сатуучулар кардарларга алдоо ыкмаларын колдонуп жатышат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундардын бири билдирди.

Анын айтымында, супермаркеттердин биринен 39 сомдон 2 кг кумшекер сатып алган. Бирок үйүнө барганда баштыктын сыртында 55 сомдон күрүч сатып алгандыгын тастыктаган чаптаманы көргөн.

«Мен 2 кг кумшекер сатып алгам, жалпы 78 сом болушу керек болчу. Бирок менден 2 кг күрүчтүн акчасын 110 сом алышты. Бул супермаркетте мындай көрүнүш экинчи ирет болду. Жакында эле 40 сомдон кесме сатып алгам. Андан кийин баштыктын сыртында 80 сомго бааланган башка ун продукциясынын чаптамасын көрдүм. Дүкөнгө барып, администраторду чакырдым. Көзөмөл камерасын карадык. Менин туура айтып жатканым далилденип, мага акчамды кайтарып беришти. Андан кийин дүкөндө иштегендер мени жакшы таанып калып, кечээки күнгө чейин мындай окуя кайталанган эмес. Мага товарды кайра башка баада сатышты. Көп азык-түлүк алганда баштыктын сыртына башка баа жазылган чаптаманы чаптап, сатып жиберишет. Балким биринчи жолкусунда кассир адашып калгандыр. Бирок мындай көрүнүш дагы кайталанды. Мүмкүн алар бул ишти өздөрүнүн пайдасы үчүн жасап жатышат. Бүгүн кайрадан дүкөнгө маселени териштирүү үчүн барам», - деди ал.

Ал кардарларды чапталган бааларды көңүл буруп кароого, ал эми сатуучуларды чынчыл болууга чакырды.

Кийинчерээк бул супермаркеттин өкүлү кардардан кечирим сурап, 1 кг кумшекер белекке берилгенин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 567
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×