Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө жаш депутаттар арасында өткөн акыл таймаштын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 14-ноябрда Каракол шаарындагы облустук китепканада жаш депутаттар арасында «Акыл таймаш – 2017» интеллектуалдык сынагы болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сынакка облустун райондорунан келген командалар катышып, биринчи турда жаштардын маселелерин, мыйзамдык ченемдерин, административдик бɵлүнүштɵр, Кыргызстандын тарыхы, жергиликтүү кеӊештердин статустары, укуктары камтылган суроолорго жооп беришти. Экинчи турда жаштар арасындагы кɵйгɵйлүү маселелерди чечүүнүн аналитикалык, чыгармачылык жолдорун сунушташты. Ал эми үчүнчү турда «Мен келечектеги чыгаан инсан» деген тема боюнча жазылган пландарын жакташты.

Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен 1-орунду Ак-Суу районунун депутаттары алса, 2-орунду Түп, 3-орунду Ысык-Кɵл райондорунун командалар ээлешти. Жеңүүчүлөргө Ысык-Кɵл облусунун жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн дипломдору, кубоктору, баалуу белектери менен мыйзам, кодексттердин китепчелери тапшырылды.

Сынак Ыйман, адеп жана маданият жылынын жана жаштар жумалыгынын алкагында өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 276
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×