Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Талас

Куугандыда каналдар тазаланып, таштанды жайдын айланасы тосмолонууда

Turmush -  Талас районунун Кууганды айыл аймагында ички каналдар жазгы сугат иштерине карата тазаланып, айылдын таштанды таштоочу жайынын айланасы зым тор менен курчалууда.

Айыл өкмөт башчысы Адилет Жолдошовдун айтымында, Кууганды айыл аймагынан 3 км алыста орун алган таштанды таштоочу жайга ар бир 15 күндө айылдан таштандылар топтолуп, төгүлүп турат. Акыркы жылдары бул жайдан учкан баштыктар айылдын жайыттарын каптап, көйгөй жаратып келген. Тосмолоо иштерине жергиликтүү тургундар тартылган. Алар эмгек акы катары 1 каптан ун, 25 литрден өсүмдүк майын алышат.

Мындан сырткары айылдын түндүк тарабындагы Чонор суусунун башкы курулмасынан тартып, суу бөлүштүрүүчү каналдарды толугу менен тазалоо иштери аткарылып жатат. Чонор суусу аркылуу айылдын 500 гектардан ашык жери сугарылат.

Аталган жумуштарга колдонулуучу цемент жана темир тосмолор Финансы министрлигинен берилген каражатка алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 198
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×