Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Кара-саздыктар 130 миң сом чогултуп, айылдагы мечитти оңдошту

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Саз айылынын тургундары 130 миң сом чогултуп, айылдагы мечитти оңдошту. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облустук казыятынын басма сөз кызматы билдирди.

FB_IMG_1510633289904

Маалым болгондой, Кочкор районундагы Кара-Саз айылындагы мечиттин имам хатиби Рысбек Күлташовдун демилгеси менен башталган оңдоп-түзөө иштери жергиликтүү элдин жардамы менен ишке ашырылууда.

«Баш-аягы 130 миң сом чогулду. Кээ бири накталай чогултса, экинчилери козу-кой кылып колдон келген жардамын беришти. Учурда мечиттин ичи жасалгаланып, майда-барат муктаждыктары толукталууда. Оңдоо иштерин ыктыярчылар акысыз жасоодо.

Эске салсак, башка айылдар мечит салууга каражат издеп жүргөндө бул айылдын эли мечитти ашар жолу менен салып алышкан», - деди Р.Күлташов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 222
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×