Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Чет элдик туристтер атайын боз үйгө түнөш үчүн келишет, - тоңдук уста Б.Сыдыков (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын 57 жаштагы тургуну Сыдыков Бектурсун боз үйлөрдүн түрүн жасап сатып, жылына 300 миң сомго чейин киреше табат. Аймактык кабарчы элеттик устадан кабар алды.

Б.Сыдыковдун айтымында, ал 35 жылдан бери боз үй жасоо менен алектенет.

«Боз үй жасаганды Токон Исмаилов деген аксакал устадан үйрөнгөм. Бала кезден эле ушул аксакалдын жанында жүрүп, устачылыкка кызыгуу пайда болгон. Убагында мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрдүк. Жубайымда дагы 33 жылдан бери боз үйдүн ички жасалгаларын даярдап келет. Союз тарагандан кийинки жашообуз бүт бойдон боз үй менен байланыштуу болуп калды. Боз үйгө керектүү жыгачты, талды өзүбүз өстүрөбүз. Кийизди, жиптерди койдун жүнүнөн жасайбыз. Жүндү болсо сатып алабыз. Чийди көл жээктен чогултуп келебиз. Толук ички жана тышкы жасалгалары менен эки айда 100 баштуу бир боз үй жасап бүтсө болот. Алар көлөмүнө жараша бааланат. Мисалы: 85 баштуу боз үй 280 миң сомго сатылат. Мындан сырткары, боз үйлөр 55, 65, 75, 85, 100, 115, 125, 150, баштуу болуп, көлөмү боюнча чоңоюп кете берет. Баасы дагы кымбатыраак болот», - деди ал.

Б.Сыдыков буйрутмага жараша жылына 200 миң сомдон 300 миң сомго чейин киреше табат.

«Боз үйлөрүбүздү Германия, Швейцария, Түркия, Казакстан, Катар, Литва өңдүү мамлекеттерге сатканбыз. Өзүм Казакстанга барып тигип берип келгем. Башка мамлекеттерден келгендер өздөрү боз үй кантип тигилерин видеого тартып кетип, барганда видеодон көрүп тигишет. Бизге туристтер боз үйдүн жасалышын жана тигилишин көрөбүз деп келишет. Кээ бирлери атайын боз үйдө түнөшөт. 2016-жылы бир нече немис келген. Эң кызыгы немис аял боз үйгө бир жолу түнөгөндөн кийин: «Мен бир ай боз үйдө жашап, аны жасаганды үйрөнөм» деген эле. Бирок жолдошу каршылык көрсөтүп, аны эптеп алып кеткен. Биздин боз үйлөрдүн кантип жасаларына кызыккан туристтер көп эле кездешет. Мен ата-бабалардан калган кыргыз боз үйүнүн нукуралыгын, баалуулугун сактап калууну максат кылам жана каада-салтыбызга туура келбеген азыркы темирден жасалган боз үйлөрдүн өндүрүшүнө бөгөт коюлса дейм», - деди Б.Сыдыков.

Ал боз үй жасагандан тышкары алма, өрүк, жашылча-жемиш өстүрүп, мал багат. Бир кыз, эки уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 498
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×