Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Чүй

Кантта оор турмушта жашаган эки үй-бүлѳнүн кыздары үйлүү болушту (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы «Гүлзар» балалык борборунда тарбияланган эки үй-бүлѳнүн кыздарына жеке демөөрчүлөр үй куруп беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мекеменин мүдүрү Гүлина Аманкулова билдирди.

«Бизде мындай иштер быйыл биринчи жолу болду. Коомдук фонддун жардамы менен үй-жайы жок эки үй-бүлѳнүн кыздарына үй берилди. Ал турак үйлѳрдѳ эки уктоочу бѳлмѳ, зал, даараткана жана жунуучу бөлмө бар. Ошондой эле, үйгө керектүү эмеректер жана тиричилик техникалары алынды», - деди ал.

Г.Аманкулованын айтымында, аталган кыздар былтыр коомдук фондго атайын кат жазышкан.

«Биздин демѳѳрчүлѳр былтыр кышында келип, "эмне каалооңор болсо кат жазып кайрылгыла" дешкен. Ошондо кыздар үйдүн жоктугунан энелери менен бирге жашоого мүмкүн болбогондугун айтышыптыр.

Октябрь айында үйлѳр берилди. Кудайга шүгүр, эми минтип эне менен бала чогуу жашап калышты», - деди ал.

Аталган борбордо бүгүнкү күндѳ 102 кыз тарбияланууда. Алардын ичинде тоголок жетим, жарым жетим жана оор турмушта жашаган үй-бүлѳнүн кыздары бар.

«Бизге кыздар бардык региондордон балдарды коргоо бѳлүмдѳрүнүн жолдомосунун негизинде кабыл алынат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1070
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×