Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Баткен

Жеңеке: Баткендик Жазгүл жеңенин жолдошу ишинен бошобой калып, тойго даярдыкты өзү бүтүргөн (фото)

Turmush -  Баткендик 29 жаштагы Кудайбердиева Жазгүл жеңе үлпөт тойго даярдык көрүү учурунда жолдошу ишинен бошобой калып, ресторан, унааларга чейин өзү сүйлөшкөн. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Баткен шаарында чоңойгон. Жолдошу Келдибек Тажиевге баш кошуп, Баткен районунун Кара-Бак айылына келин болгон.

«Жолдошум экөөбүз 1 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Сүйлөшүп жүргөн убагыбызда мен телефонумду көп жоготчумун. Жолдошум мага көп телефон алып берди. Мени абдан сыйлап, жөнөкөйлүгүн көрсөткөн. Айылда очокко тамак жасачу элек. Очокко отун күйгүзө албай кыйналып жүрдүм. От жагууну кайын энем өзү үйрөткөн.

Ар бир чай ичкенибизде дасторконго каймак, сары майлар коюлчу. Мен сары май жей албайм. Майды жебей жүрсөм кайын энем атайын мен үчүн эрте менен туруп, уйду саап, каймак тартып келиптир. Бирок каймакты да жебей койсом, жолдошума «келинибиз биздин майларды жебей жатат» деп таарыныч кылган экен. Кийин менин таттууларды гана жегенимди билип, кайда барса сөзсүз менин алдыма таттууларды алып бермейди адат кылып алган», - деди ал.

Жазгүл жеңе журналистика тармагында иштейт. Жумуштан сырткары тамадалык кызматты да аркалайт.

«Чоң балам Дилмурат эфирге чыкканда, тамадалык кылганда кандай сүйлөп, отуруп, кийингениме чейин сындап берет. Жолдошум абдан түшүнүктүү. Кайсы ишти баштасам да колдоп турат. Күйөөм гана эмес кайын атам, кайын энем да түшүнүп, колдоп турушат», - деди ал.

Жазгүл жеңе жолдошу экөө Дилмурат, Адилет аттуу балдарды тарбиялап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 494
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×