Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Чүй

Президент А.Атамбаев Сокулуктагы кафель чыгаруучу завод менен таанышты (фото)

Turmush -  Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-ноябрда Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында жайгашкан кафель жасап чыгаруучу заводдо болду, деп билдирди басма сөз кызматы.

Мамлекет башчысы өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 млн чарчы метр кафель чыгарууга жөндөмдүү болгон заводдун ишмердиги, даяр продукциялардын үлгүлөрү менен таанышып чыкты. Заводдун башкы директору Чжо Дайсю мамлекет башчысына өндүрүш процессинин өзгөчөлүгү туурасында  маалымат берди. Анын айтымында, келечекте заводдо 400 жумушчу орун түзүлүп, анын 90%ы Кыргызстандын жарандары болот.  

Завод өз ишин ушул жылдын сентябрь айында баштаган. План боюнча жумшалчу инвестициянын көлөмү 50 млн доллар болсо, иш жүзүндө заводдун курулушуна 30 млн доллар сарпталган. Учурда ишканада  бир өндүрүштүк линия иштеп жатат. Экинчи линия 2018-жылы ишке киргизилет.  

Президент заводдун ишмердигине ийгилик каалап, белгиленген пландарды ишке ашырууда жана өндүрүштү кеңейтүүдө мамлекеттик органдардын көмөктөшүүсү маанилүү экенин белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 312
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×