Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

Фото - Грек-рим күрөшү менен машыккан 19 жаштагы Жанбулат Олимпиадалык оюндарга даярданууда

Turmush -  Тоң районунун Тогуз-Булак айылынын 19 жаштагы тургуну Жанбулат Кусейинов грек-рим күрөшү менен машыгып, эл аралык мелдештерге катышып келет. Аймактык кабарчы жаш спортчудан кабар алды.

Жанбулаттын айтымында, грек-рим күрөшү менен ал акыркы 7 жылдан бери машыгат.

«Эң биринчи жолу машыгууга атам алып барган. Ага чейин өзүм деле күрөшкө кызыгып жүргөм. Ошол убакта 11 жашта болчумун, биринчи агайым Бакыт Ибраев болду. Айылдагы мектептин 7-классын аяктагандан кийин спорт интернатына бардым. Сынактан ийгиликтүү өтүп, учурда спорт мектепте окуп жатам. Азыр мени А.Жолчубеков агайым машыктырып жатат», - деди Жанбулат.

Ал учурда чет өлкөлөрдө өткөн эл аралык мелдештерге катышып, ийгиликтерди багындырууда.

«Мен Ысык-Көл, Нарын, Талас, Бишкек, Ошто өткөн мелдештерде ийгиликтерге жетиштим. Казакстанда өткөн эл аралык турнирде коло медалга ээ болдум. Мындан тышкары Түркияда өткөн мелдешке катыштым. Тандоо турундагы сынактан өтүп, Иранга жолдомо алып, 16 катышуучунун ичинен 8-орунга илиндим. Эң биринчи жолу Талас облусунда өткөн эл аралык турнирде биринчиликти алгам. 2020-жылы Токио шаарында өтө турган Олимпиадалык оюндарда 1-орунду алсам деген тилегим бар. Ал үчүн күн сайын машыгып, даярданып жатам», - деди ал.

Жаш спортчу үч бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 206
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×