Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Талас

Таласта маркум акын Ч.Исраилова эскерилип, ыр жыйнагы тааныштырылды

Turmush -  Талас районунун Сасык-Булак айылында маркум калемгер Чолпон Исраилованы эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Акындын апасы Ашыркүл Исраилованын айтымында, иш-чаранын алкагында анын ырлары киргизилген «Айланып учкан каркыра» аттуу китептин бет ачары болду.

«Кызым 1971-жылы жарык дүйнөгө келген. 8-класста окуп жүргөн кезинде эле ыр жаза баштаган. Бирок тагдырдын татаал сыноосу менен катуу ооруга чалдыгып, 26 жашында көз жумду. Ооруп жатса дагы облустук китепканада уюштурулган «Барал» адабий ийримине ар бир айдын он бешинде келип, калемдештери менен сырдашып кетчү. Анын жазган ырларынын көбүн сактай албай калдым, бул менин күнөөм. Бирок калган ырларын китеп кылып чыгардым. Кызым аз өмүрүндө мекен, эл-жер, жаштык кез, мугалимдери, жашоо, өмүр жөнүндө 100гө жакын ырларды жазып калтырды», - деди ал.

Эскерүү кечесине акындын жакын санаалаштары, мугалимдери жана туугандары катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 130
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×