Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

Тоңдо «Үркүн-101» жүрүшү уюштурулду (фото, видео)

Turmush -  Тоң районунун Бар-Булак айылында тарыхый инсан Райымбек уулу Батырхан эскерилди. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Акжол Тукунов билдирди.

Анын айтымында, иш-чаранын алкагында «Үркүн - 101» автокараван жүрүшү болду.

«Биз Бишкек шаарынан 10 унаа менен Патрулдук милиция кызматкерлеринин унаасынын коштоосунда Ата-Бейитке барып, куран окуттук. Андан соң Балыкчы шаарына бардык. Ал жерден бизге дагы 10 унаа кошулуп, Бар-Булак айылына бардык. Райымбек уулу Батырхандын күмбөзүнүн жанынан жергиликтүү тургундар тосуп алышты. Биз куран окуп, үркүндө каза болгон ата-бабаларыбызды эскердик. Иш-чаранын максаты — тарыхыбызды унутпай, келечек муунга жеткирүү. Эми мындай иш-чара жыл сайын өткөрүлөт», - деди А.Тукунов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 243
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×