Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ош

Кыздардын эрте турмушка чыгуусу Ноокатта чоң көйгөй, - коомдук фонд

Turmush -  Ноокат шаарында кыздарды эрте турмушка берүүнү алдын алуу боюнча 45 социалдык педагог жана өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлор үчүн окутуулар өттү.

«Дүйнөлүк аялдар банкы» коомдук фондунун жетекчиси Гүлсана Абытованын айтымында, Ноокат району менен Ноокат шаарында кыздарды эрте турмушка берүү курч көйгөй болуп саналат.

«Ноокат району менен шаарда 9-классты бүткөндөн кийин эле мектепке барбаган окуучулар көп. Алар үйдө отурушат же турмушка чыгууга даярданышат. Айрымдары диний билим алуу үчүн медреселерге барышса, кээ бирлери кыска мөөнөттүү окуу курстарга барышат. Турмуш кургандардын басымдуу бөлүгүн 16-17 жаштагы кыздар түзөт. Эки тараптын ата-энелери келишип, жашы жете элек өспүрүмдөрдү турмушка узатууда. Алар диний жол менен нике кыйдырып жашай беришет. Нике кыюуга айылдагы имамдар катышат. Бирок өспүрүмдөр жаш курагы боюнча нике, үй-бүлө тууралуу толук маалыматка ээ болбойт жана нике күбөлүгүн албайт.

Кыздарды эрте турмушка берүү — алардын укугун бузуу. Биз бул көрүнүштү элге туура маалымат жеткирүү менен гана алдын алабыз», - деди Г.Абытова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 343
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×