Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Нарын

Ак-Талаадагы эки ашууга жана көмүр кенине баруучу жолдор убактылуу жабылды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы эки ашууга жана «Турук» көмүр кенине баруучу жолдор кыш мезгилине карата жабылгандыгын ӨКМдин райондук бөлүмүнүн башчысы Улан Кулназаров аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, райондогу Молдонун бели жана МЭЛС ашуусу менен «Турук» көмүр кенине баруучу жолдордо кар күрткүсү пайда болуп, анын кесепетинен унаалардын жүрүшүнө кыйынчылык жаралгандыктан жабылган. Аталган жолдордо кар кетип, жаз келгенге чейин транспорт кыймылына тыюу салынды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1754
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×