Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Талас облусуТалас району 14.11.2017 17:33

Куугандыда маданият үйү оңдолуп жатат

Turmush -  Талас районунун Кууганды айыл аймагындагы маданият үйү оңдолуп жатат.

Айыл аймак башчысы Адилет Жолдошовдун айтымында, имарат жараксыз абалга келгендиктен, мында бир дагы майрамдык иш-чаралар, элдик жыйындар өтпөй калган болчу.

«Маданият үйүн капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен атайын каражат бөлдүк. Кышка чейин актап-сырдап, жаңы жабдууларды алып келип ишке киргизебиз.Талас шаарындагы «Кырк чоро» кинотеатры менен сүйлөшүү жүргүзүп, мындан ары 1 айда бир жолу кино көрсөтүп турмак болдук», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×