Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ысык-Көл

Ак-суулук окуучу Т.Эркинбеков самбо боюнча облустук мелдеште алтын медаль тагынды (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Жаӊы–Арык айылындагы мектептин окуучусу Тагай Эркинбеков самбо боюнча облустук мелдеште алтын медаль тагынды.

Маалыматка караганда, Каракол шаарында Аваз Акчубаевдин жаркын элесине арналган самбо боюнча облустук мелдеш өткөрүлүп, ага облустун аймагынан келген 2003-2006-жылы туулган балдар катышты.

Тагай Эркинбеков самбо менен машыгып жүргөнүнө аз гана убакыт болсо да облустук мелдеште жакшы жыйынтык көрсөтө алды. Ал 2016-жылы Кыргызстандын чемпионатында 35 кг салмактагы балбандар арасындагы мелдеште чемпион аталган. Ошондой эле, Бишкек шаарында Бекболот Рахатбековдун байгесине арналган эл аралык мелдеште алтын медаль тагынган. Мындан тышкары, Чүй облусунун Александровка айылында өткөн эл аралык мелдеште жаш балбандар арасында 1-орунду багындырган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1241
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×