Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Ак-талаалык мугалим Ш.Аракеева 2 миң даана китепти райондук китепканага белекке берди (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын 75 жаштагы ардактуу мугалими Шакен Аракеева райондук китепканага 2 миң даана көркөм адабият китептерин тапшырды. Бул тууралуу китепканачы Гүлзат Өмүралиева аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, Ш.Аракеева жана анын жолдошу Мукаш Балтабаев экөө буга чейин кыргыз жана чет өлкөнүн чыгаан жазуучуларынын көркөм адабияттарын сатып алып окуп келишкен. Ал китептерин райондук Нуркул Кулназаров атындагы маалыматтык китепканага, Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин китепканасына өткөрүп берди. Бул китептердин арасында Ч.Айтматов, К.Жантөшев, А.Осмонов, Т.Үмөталиев сыяктуу залкар акын-жазуучулардын ошондой эле, орус классик акын-жазуучулары Л.Толстойдун, А.С.Пушкиндин, Н.В.Гоголдун жана чет өлкөлүк жазуучулар Жек Лондондун, Марк Твен, Оноре де Бальзак, Жан-Жак Руссо жана башкалардын чыгармалары бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 453
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×