Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Нарын

Нарын — Орук-Там унаа жолу убактылуу жабылды

Turmush -  Нарын районундагы Нарын — Орук-Там унаа жолунун 45-75-чакырымындагы аралык убактылуу жабылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга акимдин орун басары Жанышбек Ибраимакун уулу билдирди.

Маалым болгондой, Нарын — Орук-Там унаа жолунун 45-75-чакырым аралыгында кыш мезгилинде кар көчкү коркунучу күтүлөт. Тейлөө мүмкүнчүлүгү болбогондугуна байланыштуу №8 жол тейлөө мекемесинин кайрылуусунун негизинде 2017-жылдын 10-ноябрынан 2018-жылдын 10-апрелине чейин жабылып, транспорт каттамынын жүрүүсүнө тыюу салынды. Бул унаа жол ачылганга чейин унаалар Сары-Булак — Кара-Кужур каттамы аркылуу жүрө алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 690
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×