Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Баткен

Лейлекте майып адамдардын музыкалык фестивалы өтүүдө

Turmush -  Лейлек районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арасында «Чексиз чыгармачылык» музыкалык фестивалы өтүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Уюштуруучулардын айтымында, республикалык деңгээлдеги фестивалга Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынан келген 40 адам катышып жатат. Алар фольклор, эстрада, поэзия жана «Манас» айтуу боюнча өз таланттарын көрсөтүп жатышат. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер менен кошо фестивалдын Бишкекте өтүүчү бөлүгүнө катышууга жолдомо берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 266
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×