Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Самбо боюнча Кыргызстандын чемпиону Аманат Ашхабад менен Софияны кыдырып келди (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Гавриловка айыл аймагынын Жаңгарач айылынын 25 жаштагы тургуну Алтынбек уулу Аманат 9 жылдан бери спорттун самбо түрү менен машыгып келет. Ал келечекте дүйнө чемпиону болууну кѳздѳйт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Мен спорттун самбо түрү менен 2008-жылдан бери машыгып келе жатам. Ошол жылы биздин айылга Абат Тургумбаев атындагы самбо секциясы ачылган. Бул секция иштеп баштаган жылы эле катышып, ошондон бери үзбѳй машыгып келем. Ушул күнгө чейин бир топ мелдештерге катыштым. 2016-2017-жылдары күжүрмѳн самбо боюнча Кыргызстандын чемпиону болдум.

Спорттун арты менен бир топ мамлекеттерге бардым. Алсак, былтыр Түркмениянын Ашхабад шаарындагы Азия чемпионатында 2-орунду алдым, Болгариянын София шаарында ѳткѳн дүйнөлүк чемпионатка катышкам. Келечекте дүйнө чемпиону болуп, машыктыруучумдун, ата-энемдин, бир туугандарымдын ишеничин актасам дейм», - деди ал.

Алтынбек уулу Аманат 1992-жылы Сокулук районунун Жаңгарач айылында тѳрѳлгѳн. Ал үй-бүлѳдѳ тѳрт бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 155
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×