Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Тоңдук 56 жаштагы Р.Сыдыкова комуз жана гитара чертип, майрамдардын көркүн ачат (фото)

Turmush -  Тоң районунун Кажы-Сай айылынын 56 жаштагы тургуну Раиса Сыдыкова комуз жана гитара чертип, элге жакшы маанай тартуулайт. Аймактык кабарчы өнөрлүү адамдан кабар алды.

Р.Сыдыкованын айтымында, ал «Аксаамай» апалардын тобун уюштурган.

«Комуз жана гитара черткенди бала кезимде эле үйрөнгөм. Азыр улгайсам дагы бул өнөрүмдү унутпай келем. Музыкалык аспаптарды 9-класста окуп жүргөндө алгам. Анда ойноону мага эч ким үйрөткөн эмес. Ар кимдин черткенин карап, артынан барып сурап жүрүп үйрөндүм. Гитара черткенди мектепте окуп жүргөндө үйрөнгөм. Ал убакта таланттуу кыздардын тобуна кошулуп, эки жыл ритм гитарада ойнодум. 1981-жылы студенттердин фестивалында лауреат болгом. Кийин турмуш шартка байланыштуу катыша албай калдым. Азыр айылдагы иш-чараларга катышып, комуз жана гитара чертем. Ошондой эле «Аксаамай» апалар тобунун уюштуруучусумун. Азыр бошоп калсам эле колумду машыктырып гитара менен комуз чертип калам» , - деди ал.

Ал «Аксаамай» тобу менен майрамдык иш-чаралардын көркүн ачып келет.

«Мен топтун уюштуруучусу болгондуктан башкаларды активдүү катышууга чакырып турам. Биздин топтогу апалар ар кандай жаш куракта жана ар түрлүү өнөрлөрдүн ээлери. Ошондой эле, жаштарга үлгү катары сынактарга катышып турабыз. Мен комуз жана гитара чертип, элге жакшы маанай тартуулап жана көңүлдөрүн көтөрүүгө аракет кылам», - деди ал.

Р.Сыдыкова үч уул, алты неберенин апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 201
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×